16:58 21 Жетинин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8500
  • EUR77.4357
  • RUB1.0941
Темы
ҮНДӨШ ТЕМАЛАР

Порошенко менен Атамбаевдин "сүйлөшүүсү"

Үстүбүздөгү жылдын 2-ноябрында интернет айдыңында Украина президентинин расмий сайты делген порталдан Пётр Порошенконун Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен телефондон байланышып, кыргыз-украин мамилелери тууралуу талкуу болгону жарыяланган.

Бул маалыматты КР президентинин аппараты четке каккан. Андан кийин мындай иш россиялык пранкерлерге таандык болушу мүмкүн экени айтылган. Бирок алар да буга эч тиешеси жок экенин билдиришкен.

Эртеси түшкө маал аталган маалымат сайттан алынганы белгилүү болду.