14-апрелден тарта Японияда 300гө жакын жер титиреди. Анын магнитудасы 7,3кө жеткен. Жаратылыш кырсыгынын кесепетинен кырктай киши каза болуп, 200гө жакын киши түрдүү жаракаттарды алган.
Коомдук маанидеги жайларды кайрадан калыбына келтирүү үчүн 2,5 миллиард доллар талап кылынат. Анын 45 миллиону айыл чарбасын бутуна тургузуу үчүн жумшалат.
Апрель айынын ортосунда Япониянын Кумамото шаарында жер катуу титиреген. Аталган аймактан Кыргызстандын төрт жаран эвакуацияланган.
Акыркы маалыматтар боюнча жер титирөөдөн 48 жаран каза таап, миңден ашык адам жаракат алды. Ал эми жүзгө жакын жашоочу үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.
Кюсю аралындагы Кумамото шаарында өткөн аптада жер катуу силкинип, адам өмүрүнө зыян келген.
Кырсыктан улам башка жакка кетүүгө аргасыз болгон жашоочулардын үйүнөн каракчылар баалуу буюмдарды, акча каражаттарын алып кетишкен.
Акыркы маалыматтар боюнча 44 жаран каза таап, миңден ашык адам жаракат алды. Ал эми 94 япон жашоочулары үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болду.
Япониядагы элчилик аймактагы абалга байкоо жүргүзүп, жарандар менен байланышта болуп турат.
Япониянын метеорологиялык кызматынын маалыматына караганда, Кумамото префектурасында жер силкинүү алигиче токтобой, акыркысы 3-4 магнитуда болду.
Япониянын Кюсю аралында 14-апрелде жер титирөө катталып, 29 киши мерт кетип, жарым миңге чукул адам жаракат алган.
Дүйнөлүк ири жалпыга маалымдоо каражаттары Япониянын Кумамото префектурасында болгон жер титирөөдөн миңдеген киши жабыркап, тогуз киши каза болгонун жазды. Ошондой эле 760 киши ооруканага жеткирилген.
Табигый кырсык кечээ саат 16.11де болгон. Учурда аймакта миңдеген үй-бүлө жарыксыз жана суусуз калганы айтылууда.
Зилзаланын кесепетинен ондогон имарат кыйрап, шилендинин алдында адамдар калган. Айрым жерде өрт токтобогондуктан газ жабдуулары жана электр жарыгы өчүрүлгөн.