2016-жылы 15-декабрда Токтогул ГЭСиндеги кубаттуулугу 300 мегаватт болгон №2 агрегат иштен чыккан. Бул тууралуу 21-декабрда маалымдалган. Түзүлгөн кырдаал өлкөнү электр менен камсыздоого эч кандай таасир бербей турганын "Электр станциялары" ААКтын маалымат кызматы билдирген. Аварияны жөнгө салуу үчүн Россиядан адистер чакырылган.