Кыргызстанда 4-октябрда парламенттик шайлоо болуп өтүп, алдын ала жыйынтыгы менен 120 мандаттын 90дон ашыгы эки гана партияга тийген. Мындан улам утулган партиялар шайлоонун таза өткөнүнө күмөн санашты. 5-октябрда 8 партиянын башын бириктирген ири митинг "Ала-Тоо" аянтында башталды.
Кылмыш ишинин фигуранттарынын аты-жөнү тергөөнүн купуялуулугуна байланыштуу айтылган жок.
Маркум Үмүтбек 10-декабрь - Адам укуктарын коргоо күнүнүн урматына сыйланган. Ага ыйгарылган медаль маркумдун атасынын тууганына тапшырылган.
Комиссиянын төрагасы болуп вице-спикер Мирлан Бакиров бекитилди. Ал эми курамына ЖКнын аппарат жетекчиси, иш башкармалыгынын башчысы жана ведомство өкүлдөрү кирди.
Жумабеков, андан сырткары, ооруканада митингден жабыркаган жети адам жатканын айтып, алардын абалын туруктуу деп баалады.
Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Медициналык жардамды уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Эсенбек Жумалиевдин айтымында, Травматология борборунда жаткан 10 адамды кошкондо стационарларда жалпы 11 бейтап бар.
Буга чейин депутат Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин имаратын калыбына келтирүү үчүн 450 миллион сомго жакын каражат керектеле турганын айткан.
Министр Казакбаев ар бир өлкөнүн өзүнүн экономикалык, коопсуздук жаатындагы кызыкчылыктары болоруна токтолгон.
Жапаров премьер-министр болгондон бери ага 30 миңден ашык СМС-билдирүү, 2000ден көп телефон чалуулар болгон. Мындан улам өкмөт башчы баарына жооп берүүгө мүмкүн болбой жатканын айтып, аудио билдирүү жаздырган.
Президенттин милдетин аткаруучу мамлекетти криминалдардан тазалоо үчүн бар күчүн жумшай турганын айтууда.
Жолугушууда кыргызстандыктар ички иштер органдарынан кылмыштуулукка каршы күрөштө олуттуу жыйынтыктарды күтүп жатканы белгиленди.
Мөөнөтүнөн эрте болчу президенттик шайлоонун убакыт-саатын депутаттар аныктайт. Бирок эгер эл өкүлдөрү бир пикирге келе албаса да шайлоонун күнү автоматтык түрдө дайындалган болуп эсептелет.
Изилдөөнүн алкагында коррупциялык схемага тиешеси бар 40ка жакын адам аныкталып, алардын жүргөн жери белгилүү болгон.
Мыйзам боюнча, экс-президентке мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою колдонууга берилет. Мындан башка дагы кандай артыкчылыктар бар экенин Sputnik даярдаган материалдан билүүгө болот.
Жапаров алдыдагы шайлоолордо жаштар өздөрүнүн позицияларын эркин коргой алууга толук шарттар түзүлөрүн убадалады.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 16-октябрда тарыхый окуя болду. Президент Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматын тапшырып кетти. Ал соңку кайрылуусунда өлкөнүн биримдигин сактоого бар күчүн жумшаганын айтып өттү.
Буга чейин Улуттук коопсуздук кызматынын жетекчиси болуп Камчыбек Ташиев дайындалган. Тийиштүү буйрукка Садыр Жапаров кол койгон.
Жаңы жетекчи кызматка дайындалары менен УКМКнын имаратында маалымат жыйын уюштуруп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Тийиштүү буйрукка өкмөт башчы жана президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол коюп бергени кабарланды.
Камчыбек Ташиев бүгүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы болуп дайындалды.
Ташиев бүгүн кызматка дайындалары менен УКМКнын имаратында маалымат жыйын өткөрүп жатат.