Кыргызстанда Рамазан айы ушул жылдын 24-апрелинде башталмай болду. Көрсөтүлгөн күн айдын чыгышына карап бир күнгө айырмаланышы мүмкүн.
Токтомушев быйыл Орозо айында COVID-19 инфекциясы жайылганына байланыштуу коюлган талаптарды эл так аткарганын айтып, акырына чейин сабырдуу болууга чакырды.
КР президенти бир адамдын кенебестиги жүздөгөн кишиге залакасын тийгизе турганын белгилеп, элдин ден соолугу, саламаттыгы үчүн тыным көрбөй аракеттенип жаткан медицина кызматкерлеринин эмгегин жогору баалады.
24-май Орозо айтка карата Sputnik Кыргызстан агенттиги Бишкек жана аймактардагы малдын, тагыраагы, сойгонго ылайыктуу кой-козунун наркын билди. Ошондой эле эттин наркына да кызыкты.
Быйыл Рамазан айы 23-майда соңуна чыгып, Орозо айт 24-майда белгиленет. Муфтияттын маалыматына ылайык, акыркы айда дүйнөдөгү абалга байланыштуу мусулмандар бул майрамды үй шартында белгилеши зарыл.
Муфтият 24-май күнү таңкы саат 07:00дөн 07:30га чейин КТРК телеканалынан муфтий Максатбек ажы Токтомушевдин Орозо айтка карата куттуктоосу жана кайрылуусу болорун кошумчалады.
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын фатва бөлүмүнүн адиси Бактияр Токтогазы уулу Рамазан айында өтүүчү Кадыр түндү туура тосуу эрежелери боюнча айтты.
Муфтияттан ислам шариатында Рамазан айынын башталышы жана аяктоосу айдын жаңырышына карап аныкталары, орозо айы кээде 30 же 29 күн болорун айтышты.
Учурда Дагестанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 3 460 адамга жетип, алар Россия боюнча ооруну жуктурган аймактардын тизмесинде 5-сапка чыкты.
Облус жетекчиси тургундардын сооп алуу ниети болсо элди үйүнө чакыруунун ордуна, сойгон малынын этин таратып берүүнү сунуштады.
Быйыл Орозо айындагы касиеттүү делген Кадыр түн 19-майдан 20-майга караган түнү болот. Дайыма орозонун 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленип келет.
Ыйык орозо маалында жардамга муктаждарга кам көрүү — ислам дүйнөсүндө парз. Коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү шартында Россияда жардамга муктаждардын арасында Борбор Азия өлкөлөрүнөн келген мигранттар да арбын.
Адатта Кадыр түн Рамазан айынын 26-күнүнөн 27-күнүнө караган түнү белгиленет.
Карантин маалында MegaCom абоненттери битир-садага, зекет сыяктуу кайрымдуулук төлөмдөрүн MegaPay тиркемеси аркылуу, ал эми Beeline абоненттери balance.kg тиркемеси менен төлөй алышат.
Мусулмандар дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов карантин убагында ооз ачырып эл чакырбоого, намазды үйдө окууга үндөдү.
Быйылкы орозо коронавирустан улам карантинге, изоляция режимине туура келип калды. Эртең, 24-апрелде, Рамазан айы башталып, мусулмандар ооздорун бекитмекчи.
Өлкө башчы кыргызстандыктарга бекем ден соолук, жүрөктөрдө тынчтык орноп, аруу тилектердин орундалышын каалады.
Калаанын тескөөчүсү Орозалиев ооз ачыруу сооп иш экендигин белгилеп, бирок бул жылдагы кырдаалды эске алуу менен аны өткөрүүгө жол берилбей турганын айтты.
Буга чейин муфтий Максатбек ажы Токтомушев Рамазан айы карантинге туш келерин айтып, орозону үйдөн кармоого чакырган болчу.
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов быйыл Рамазан айы 24-апрелге туш келиши мүмкүндүгүн айтты.
Быйыл Орозо (Рамазан) айы 24-апрелден тарта башталат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.