13:16 29 Жетинин айы 2020
Түз эфир
  • USD84.7984
  • EUR101.1815
  • RUB1.1178
ҮНДӨШ ТЕМАЛАР

13 жаштагы Айганыш Канат кызы Екатеринбургда изделүүдө

2016-жылдын 4-январында Екатеринбург шаарында жашап жаткан кыргызстандык өспүрүм Айганыш Канат кызы кечинде дүкөнгө чыгып кеткен бойдон үйгө кайрылып келген эмес.

13 жаштагы Канат кызы Айганыш — үйдүн улуусу, андан кийин үч бир тууганы бар. Энесинин Екатеринбург шаарында жашаган туугандары "бала каратабыз, кийим-кече алып берип, кийин окутабыз" деп эки жыл мурда Россияга алып кеткен.