05:14 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.0266
  • EUR88.0062
  • RUB1.0953
ҮНДӨШ ТЕМАЛАР

Кыргызстанда доллар кескин жогорулады

10-март күнү кечке жуук Бишкекте доллардын баасы кескин жогорулап кетти. Тагыраагы, чет элдик валюта буга чейин 69,85 сом болсо, кийин 73 сомдон сатыла баштады. Буга нефть экспорттоочу өлкөлөр уюмунун (ОПЕК+) келишимдери ишке ашпай, Brent жана WTI үлгүсүндөгү күйүүчү майдын баасы 30 пайызга түшүп кеткени себеп болду.