Март айы ортолоп калгандагы маалыматка таянсак, Кыргызстанда COVID-19 вирусун жуктуруп алгандар жок. Биринчи категорияга кирген жети өлкөдөн же алар аркылуу келген жарандар милдеттүү түрдө медициналык мекемеде эки апталык карантинден өтүүдө. Ал эми экинчи жана үчүнчү категориядагы 15 өлкөдөн келгендер үй карантинине алынууда. Көп адамдар чогула турган иш-чаралар токтотулуп, тиешелүү органдар күн сайын элге маалымат берип жатат.
Саламаттык сактоо тармагындагы чиновниктердин пандемия тушундагы иштерин иликтөө аягына чыкты. Вице-премьер алдын ала жыйынтыктарда гуманитардык жардам талап-тонолгонун, жасалма статистикалар болгонун ачыктады.
Узаган жыл оор болду. Ушу тапта жалпы республикада оорунун мизи кайтып калганы менен кооптонуу дагы деле бар. Буга Улуу Британияда табылган коронавирустун жаңы штаммы да себеп болууда.
Республикалык штаб эпидемиологиялык абалды, COVID-19дун жаңы штаммын өлкөгө киргизбөө чараларын талкуулады.
Ушул тапта ооруканаларда 806 бейтап коронавирустан дарыланып жатканы айтылды. Анын ичинен 238 бейтаптын абалы оор болсо, 41инин абалы өтө оор деп бааланууда.
Буга чейин коронавирус жуктурган медикке 200 миң сом, ал эми каза болгон медицина кызматкеринин жакындарына 1 миллион сом өлчөмүндө компенсация төлөнчү.
18-январдан тарта ордо калаадагы мамлекеттик жана муниципалдык мектептер ачылып, анда 1, 5, 9 жана 11-класстын окуучулары кадимки тартипте билим ала баштайт.
Кыргызстан коронавируска каршы вакцинация боюнча эл аралык COVAX программасына мүчө. Анын алкагында бизге алгачкы талапкер катары АКШнын Pfizer вакцинасы сунушталды.
Россиянын Илимдер академиясынын академиги Геннадий Онищенко коронавируска каршы вакцинаны пайдалануу боюнча Кыргызстан РФтин тажрыйбасын колдонот деп ишенет.
Стационарларда жаткан бейтаптардын 54ү өтө оор абалда. Эки жүздөн ашыгынын абалы кыйын деп бааланып, тиешелүү дарылануудан өтүп жатат.
Вирус Улуу Британияда табылган штаммдан дагы жугуштуураак болушу мүмкүн экени айтылууда. Ошондой эле ага вакцинанын күчү жетпейт деп божомолдоп жатышат.
Кыргызстанда пандемиядан бери расмий түрдө 81 656 адамдан коронавирус аныкталган. Анын тең жарымынан көбү ооруну жеңди.
Бейшеналиевдин божомолунда, вирус жуктурган учурлардын азайышына аралыктан окуу, массалык иш-чараларга коюлган чектөө себеп болушу ыктымал.
Улуу Британияда пайда болгон коронавирустун жаңы штаммы кыргызстандыктардын да үрөйүн учура баштады.
COVID-19дан көз жумган киши Ысык-Көл облусунда дарыланып жаткан. Бул илдеттен пандемиядан бери 1360 бейтап көз жумду.
Коронавирус психологиялык жактан көбүнесе Ош шаарынын тургундарын жабыркатты. Салыштырмалуу азыраак кыйналгандардын сап башына Ысык-Көл облусунун тургундары чыкты.
Ушуну менен оору илештиргендердин саны өлкөдө 81 305ке жетти. Анын ичинен 76 563 бейтап ооруну жеңсе, тилекке каршы, 1 359 адам коронавирустун курмандыгы болду.
Республикалык клиникалык инфекциялык ооруканасында бош орундар көп. Мындан тышкары, Улуттук госпиталдын урологиялык борборунан да көбүрөөк табууга болот.
Коронавирус жуктургандардын көбү Бишкек шаарынан катталганы айтылды. Ордо калаада оору илештиргендердин саны 26 834 болсо, эң аз учур Нарын облусунда катталган.
Учурда ооруканада 1 093 бейтап COVID-19дан дарыланып жатат. Анын ичинен 279 адамдын абалы оор болсо, 46сынын абалы өтө оор деп бааланды.
Бейшеналиевдин айтымында, гепатит сыяктуу башка ооруларга дагы каршы вакцина өндүрүү пландалып жатат.