Москва шаарында 19-сентябрда үйүн жыйнатам деп чакырган жаран арам оюн ишке ашырууга аракет кылган. Канайым Апсамат кызы андан качып, 7-кабаттын балконунан алтынчы кабатка секирем деп колу тайып, кулап кеткен. Ал бак-дарактын үстүнө түшүп, омурткалары жана жамбашы сынган. 

Ага биринчи операция жасатуу үчүн 500 миң рубль керектелген. Дарыгерлер экинчи операция жасатуу зарылдыгын айтып, ал 300 миң рублди түзөрүн билдиришкен. Канайымдын апасы мынча каражатты таба албастыгын айтып, мекендештерден жардам сураган. 20 жаштагы Канайымдын экинчи операциясы үчүн Кыргызстандын өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев президенттин фондунан 300 миң сом жардам берген. Андан сырткары, Россияда жүргөн мекендештер да 100 миң рублдан ашык каражат чогултуп беришкен.

Материалдар
Керек убакытты тандоо
Дагы 20 материал
  • Бир жума ичиндеги
  • Бир ай ичиндеги
  • Бир жыл ичиндеги
  • Ушул убакытка чейин
Жаңылыктар түрмөгү
0