Узап кеткен жылдын 30-декабрында "Кумтөр" ишканасынын кызматкери Майкл Макфит социалдык тармакка комбинаттын тамак-аш столунда отурган сүрөтүн жарыялап, аны коштогон кыргыздын улуттук тамак-ашынын бири — жылкынын чучугун аттын жыныстык мүчөсүнө салыштырган текстин жазган. Бул социалдык тармакта ар кыл маанайдагы пикирлерди, нааразычылыкты жараткан. 

Бир топ ызы-чуу жараткан постун өчүрүп, Макфит кечирим суроого аргасыз болгон. Аны укук коргоо кызматкерлери "Манас" аба майданынан кармашкан.

Бул боюнча кылмыш жаза кодексинин "Улуттук, расалык жана диний кастыкты козутканы үчүн" беренеси боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралып жатканы айтылган.

Приготовление национального деликатеса чучук - Sputnik Кыргызстан
Материалдар
Керек убакытты тандоо
Дагы 20 материал
  • Бир жума ичиндеги
  • Бир ай ичиндеги
  • Бир жыл ичиндеги
  • Ушул убакытка чейин
Жаңылыктар түрмөгү
0