1-июнга караган түнү Киев кан жолунун 22-чакырымында Кыргызстандын мамлекеттик номери тагылган "Тойота-Альфарт", "Хюндай" жүктөгүчү жана ВАЗ-2114 машинасы кагышкан. Жол кырсыгынын кесепетинен "Тойота" автомашинасы ала салып, анын айдоочусу жана ичиндеги эки жүргүнчү аял окуя болгон жерден каза болгон, үч аял жана бир эркек киши түрдүү жаракаттар менен ооруканага жеткирилген. Ошондой эле "Хюндай" автомашинасынын айдоочусу да ооруканага жеткирилген. Жабыркаган жарандардын абалы оор. Элчилик ири жол кырсыгына кабылган кыргызстандыктар боюнча тактоо иштерин жүргүзүүдө. 

Материалдар
Керек убакытты тандоо
Дагы 20 материал
  • Бир жума ичиндеги
  • Бир ай ичиндеги
  • Бир жыл ичиндеги
  • Ушул убакытка чейин
Жаңылыктар түрмөгү
0