"Биз — ата-энебиз" — социалдык долбоор. Анда үй-бүлөнү жоопкерчиликтүү түзүү жана бул түшүнүк менен элдин саламаттыгын бекемдөө максаттары коюлган. Жаш жубайларга кош бойлуулук менен төрөттү пландоо, балдарга тарбия берүүгө көмөктөшүү багыттары коюлган.
Программанын биринчи этабында ийгиликке жеткен кыргызстандыктар өзүнүн ата-энелик тажрыйбасы менен бөлүшөт. Андан соң адистердин (акушер-гинекологдор, педиатрлар, диетологдор, психологдор) кеп-кеңештери, сунуштары айтылат.
Шермухаммед Ташматов Кыргыз ислам университетинин шариат кафедрасын жетектейт. Диний ишмер "Биз — ата-энебиз" рубрикасынын алкагында үй-бүлөлүк алакалар, анын ичинде ата-энелердин балдарынын алдындагы жоопкерчилиги динде кандай каралганы туурасында кенен айтып берди.
"Нике жана үй-бүлө" борборунун неонатологу Айгүл Тасымбекова "Биз — ата-энебиз" программасынын алкагында жаңы төрөлгөн балага кам көрүү боюнча кеңири токтолуп, эмдөө жана эмизүү боюнча эл арасындагы аңыздарды жокко чыгарды.
"Нике жана үй-бүлө" борборунун инструктору Мээрим Эркебаева "Биз — ата-энебиз" рубрикасынын алкагында төрөткө психологиялык даярдыктын да мааниси зор экенин, эмнеликтен эркектер жубайы көз жарган маалда жанында болушу керектигин, кандай учурда төрөттөн кийинки депрессия ажырашууга себеп болору боюнча айтып берди.
Тукум улоо саламаттыгы жана кошумча репродуктивдик технологиялар клиникасынын акушер-гинеколог-эндокринологу Насипа Гапарова "Биз — ата-энебиз" рубрикасынын алкагында төрөт убагында аял кандай кыйынчылыктарга тушугушу ыктымал, бул процесске кантип дайындануу керектиги боюнча айтып берди.
Репродуктивдүү ден соолук жана көмөкчү репродуктивдик технологиялар клиникасынын акушер-гинекологу Бела Ибраева "Биз — ата-энебиз" рубрикасынын алкагында төрөттү шарттуу түрдө, муляждын жардамы менен көрсөтүп берди. Ал төрөт учурунда бала кантип жарыкка келерин, кайсы жерде өтө абайлаш керектигин түшүндүрдү.
Орунгүл Омошева Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун гинеколог-эндокринологу. "Биз — ата-энебиз" рубрикасынын алкагында ал тукумсуз нике, анын себептери, дарылоо, алдын алуу, бойго бүтүүдөн сактануу, бойдон алдыруунун залалы азыраак ыкмалары жана мөөнөтү тууралуу айтып берди.
Айнура Кушубекова — Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун акушер-гинекологу. Маектешибиз "Биз – ата-энебиз" рубрикасынын алкагында балалуу болууга камылга жубайлардын медициналык текшерүүдөн өтүүсүнөн башталарын, кош бойлуулукка даярдык көрүү жана буга байланышкан оголе көп нерселерди айтып берди.
Гүлнур Төралиева — өлкөдөгү медиа багытындагы кеңири таанымал жана иштин көзүн билген серепчилердин бири. "Биз — ата-энебиз" рубрикасынын кезектеги чыгарылышында маектешибиз тыным алдырбаган иши менен үй-бүлөсүнө кам көрүүнү кантип айкалыштырарын айтып берди.
"Биз — ата-энебиз" рубрикасында Дарика Асылбашева алгач ирет өз үй-бүлөсү, балдары жана ийгиликтүү ишмердиги туурасында ачык маек куруп берди.
"Биз — ата-энебиз" рубрикасынын кезектеги чыгарылышынан белгилүү түгөйлөр — ырчы Мирбек Атабеков жана теле алпаруучу Мээрим Төлөпбергендин үйбүлөлүк турмушу, анын ичинде ата-энелик милдет менен ишти кантип айкалыштырары туурасында биле алабыз.
"Биз — ата-энебиз" аттуу жаңы рубрикабыздын алкагында үй-бүлө күтүү, кош бойлуулук, төрөт, балдарды тарбиялоо жаатында баарлашабыз. Мында сиздер акушер-гинеколог, педиатр, диетолог жана психологдордун кеңеш жана сунуштары менен тааныша аласыздар.
Интервью ар бейшембиде саат 16.00дө радиодон берилип турат.