28-апрель күнү күндүз Баткенде кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. Чыр-чатак тажик тарап Ак-Сай айыл өкмөтүнүн аймагынан шагыл жүктөп, мамыларга видеокөзөмөл орнотууну чечкенден соң башталган. Эки тараптан чогулган 100-150дөй киши бири-бирин ташка алып, бир нече киши жабыркаган. Эки өлкөнүн Чек ара кызматы жана жергиликтүү бийлик органдары сүйлөшүү жүргүзүп, алгач бир пикирге келе алган эмес. Кечинде абал салыштырмалуу турукташтырылып, таңга маал кайрадан курчуп кеткен.

Материалдар
Керек убакытты тандоо
Дагы 20 материал
  • Бир жума ичиндеги
  • Бир ай ичиндеги
  • Бир жыл ичиндеги
  • Ушул убакытка чейин
Жаңылыктар түрмөгү
0