Өзбекстандын президентине болгон шайлоо ийгиликтүү болгондугун шайлоо өткөн күнү эле айтышты. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 10.00дө шайлоочулардын 36 пайызы добуш берүүгө келгендиги белгилүү болгондон соң, жогорудагыдай билдирүү жарыяланды.
Мамлекет башчылыгынын кызматына расмий талапкер деп БШК Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду, депутат Акмаль Саидову, ӨЭДПнын БК төрагасы Хатамжон Кетмоновду жана "Адолат" аткаруу комитетинин башчысы Наримон Умаровду атаган.