Фестивалдын алкагында өткөн сынакка Кыргызстандын атынан Сүйүндүковдун "Шамбала" тасмасы катышкан. Жыйынтыгында кыргызстандык режиссёр мыкты деп табылды.
КР эл артисти, белгилүү кинорежиссер Артыкпай Сүйүндүков "Шамбала" тасмасынын жалпы бюджети 20 миллион сомду түзгөнүн айтты.
Кинофильм залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Ак кеме" повестинин негизинде 2018-жылы тартылган. Режиссёр фильм тууралуу идея Айтматовдун көзү барында эле жаралганын айтат.
Кинотасма Дохада (Катар) болуп өткөн Эл аралык кинофестивалда жана Казань шаарындагы мусулман киносунун фестивалында Гран-при сыйлыгына ээ болгон. Көчмөндөр жөнүндөгү чыгарма "Ак-Илбирс" улуттук сыйлыгынын да бир нече номинациясында жеңишке жетишкен.