Жаш муундагы ырчылардын көч башында келе жаткан Адилет Азимов бир катар эл аралык сынактарга катышып, байгелүү орундарды камсыздап келет.
24 жаштагы коңур үндүү Адилет Азимов кыргыз-шоу бизнесинин жаш мууну. Ал Казакстанда өткөн эл аралык Шамши Калдаяков атындагы сынагынын, "Baltic Super Star", Хакасиядагы "От ыры-2015", "Мейкин Азия-2015", Уфа шаарында өткөн "Урал Моно-2016" сынактарынын жеңүүчүсү.
Фестиваль түрк элдеринин улуттук музыкасын даңазалоо, улуттук каада-салт менен тааныштыруу, маданий алакаларды бекемдөө максатын көздөйт.
Фестивалга калыстык кылуу үчүн КРдин Эмгек сиңирген артисти Айчүрөк Иманалиева чакырылган.
Азимов июнь айынын башында Хакасияда өткөн улуттук ырлардын IV эл аралык "От ыры – 2015" конкурсунун баш байгесин жеңип алган.