Казыбек казалчы деген ат менен белгилүү болгон бул акындын чыгармалары Кеңеш доорунда жарыяланган да, окуп үйрөнүлгөн да эмес. Ага атасынын бай болушу, өзүнүн диний билим алгандыгы жана кулакка тартылганы, социализмдин идеяларын толук кабыл албагандыгы себеп.
Айрым дүйнөлүк лидерлер саясий олимпке чыгаардын алдында эркинен ажыратылып, абакта болушкан. Sputnik Кыргызстан ушундай башчылар тууралуу түрмөк даярдады.
Жапаров "Одноклассники", Facebook, Instagram тармактарында группаларды түзүп, эл менен дайыма байланышта болуп турганын белгилеген.
Жылдын жана АКШнын азыркы президентинин тактыдагы соңку айы мунапыс берүү менен коштолду. Бул ирет Дональд Трамптын алдына мурда ырайым тууралуу ооз ача да албагандардын тизмеги келген.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын башчысы Аскат Эгембердиев аталган кызматтын максаты соттолгондорду тарбиялоо, ресоциализациялоо экенин айтты.
Атамбаев кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 11 жылга эркинен ажыратылган. Бүгүн Жогорку сот ал өкүмдү жокко чыгарды.
Укук коргоочулардын айтымына караганда, ЖАМКтын жабык мекемелеринде коронавирус инфекциясын жуктуруп алган учурлар көп кездешүүдө.
Эки күндөн бери ИИМ абактан бошотулган бир нече кишини кармаган. Алардын ичинде экс-президент Алмазбек Атамбаев жана анын тарапташтары бар.
"Ислам мамлекети" террордук тобунун Афганистандын аймагындагы абакка куралдуу чабуул жасаганы кабарланды.
Сот аскер адамдарына мамлекеттик төңкөрүш кылууга жана мамлекеттик түзүлүштү бузууга аракеттенген деген күнөө таккан.
Мурдагы президент Атамбаевдин өзү сот процессине катышкан жок. Буга чейинки сот жараянында ал залдан чыгууга мажбур болгон.
Аттестатын алган күн 41 жаштагы Акылбек үчүн кош майрам болгон. Себеби ал эртеси эле эркиндикке чыкмак. Жай жашоодо аны үй-бүлөсү, окуучу балдары күтүп аларын айтты.
Ведомстводон Исаков жана Алмазбек Атамбаевдин башка тарапташтары коронавируска тест тапшырып, жыйынтыгы таза чыкканын айтышты.
Кайтарылган акчалар Өзбекстандын мамлекеттик бюджетине берилип, керектүү муктаждыктарга жумшалат.
Францияда кафе, ресторан, кинотеатр, азык-түлүк саткан дүкөндөрдөн башкасынын баары жабылган. Изоляция режими 15-апрелге чейин киргизилген.
Кыргызстандын түрмөлөрүндө COVID-19 жуктуруп алгандар жана оорунун белгилери байкалгандар табылган жок.
Өлкөдөгү жаза аткаруу мекемелеринде учурда 6000ден ашык адам кармалууда. Аларды тамак-аш, кийим-кече, дары-дармек менен камсыздоо үчүн мамлекет бир миллиард сомдон ашык каражат бөлөт.
Буга чейин Жапаровдун жатак колониясына которула турганын адвокаты тастыктаган. ЖАМК ички иликтөө иштери жүрүп жатканын кабарлады.
"Россия бүгүн" эл аралык маалымат агенттигинин, RT жана Sputnik агенттигинин башкы редактору Маргарита Симоньян эстон жана орус тилдеринде өлкө президенти Керсти Кальюлайга кайрылып, журналисттердин камалып кетишине жол бербөөгө чакырган.
Белгилей кетсек, парламент бүгүнкү жыйынында коррупция жана аткезчиликке каршы күрөшүү боюнча өкмөттүн маалыматын угуп жатат.