Учурда бул ишке тиешеси бар башка адамдарды жана жасалма маалым кат берген медициналык мекемени аныктоо иштери жүрүүдө.
УКМК Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидинов менен Сарай айыл өкмөтүнүн башчысы Замирбек Тургунбаевдин үйүн тинтүүгө алган.
Эки айыл өкмөт башчысы тең 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясынын желеги алдында катышкан.
Тергөөгө ылайык, 2016-жылы президенттин аппаратынын кызматкерлери, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, судьялар жана сот тутумунун өкүлдөрү соттун чечимдерин жасалмалаган.
Депутат журналисттерге берген маегинде бизнеске мамлекеттик кызматтан кеткенден кийин аралашканын белгиледи.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутатына Кыргызстандан сыртка чыгууга тыюу салынган. Жумалиевге карата Финпол сотко чейинки өндүрүш ачып, мүлкүн териштире баштаган болчу.
УКМКдан маалымдашкандай, ыкчам иш-чара аймактагы криминалдык аракеттердин ишине бөгөт коюу максатында жүргүзүлгөн.
Салык кызматынын өкүлдөрү алкоголдук ичимдиктерди чыгарган ишканаларга чоң өлчөмдөгү салык төлөмдөрүнөн качууга шарт түзүп турган деп айыпталууда.
БШК мүчөсү Кайрат Осмоналиев азыр болуп жаткан көрүнүшкө нааразы болуп, мыйзамсыз аракет деп баалап жатат.
Тинтүүгө алынган үйдө жалпы салмагы 4,6 килограмм нашаа, марихуана жана героин табылды. Ошондой эле маңзаттарды колдонуу үчүн кальян аппараты, шприц сыяктуу буюмдар алынды.
"Бишкек" эркин экономикалык аймагында мыйзамсыз иштеп жүргөн майнинг-ферма аныкталды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынан кабарлашты.
Жалал-Абад облустук милициясында ар кандай диний экстремисттик агымдын мүчөсү катары 500дөн ашуун жаран каттоодо турат.
Министрликтин маалымат кызматы тинтүү болгонун жана документтер алынганын тастыктады. Бирок Жээнбаева Арменияда өтчү ЕАЭБ жыйынына делегациянын курамында кеткендиги үчүн суракка бара албастыгын билдиришти.
Президенттин уулу курмандык чалуу үчүн бука сатып алууга акча даярдап койгонун айтууда.
Тизмеде телефондон тышкары болгарка, электр араасы, бензин жана башка буюмдар бар.
Министрликтин айтымында, тинтүү 9-августка караган түнү жүргүзүлгөн.
Асанов Атамбаевдин үйүнөн акча жана баалуу буюмдарды алып кеткен деген шек менен үйү тинтүүгө алынган.
Кызматкерлердин баарын сыртка чыгарып, имараттын ичине кирүүгө тыюу салынган.
Тинтүү маалында шектүүнүн үйүнөн араб тилиндеги китептер, кол жазмалар, DVD, ок атуучу куралдын тетиктери жана ок-дары табылган.
Атайын иш-чарага ЖАМКтын 475 кызматкери менен 15 кызматтык ит тартылган.