Аскар Мамин башында турган министрлер кабинети туура эки жыл иштеди. Эми алар жаңы курам дайындалганга чейин милдетин аткарып турат.
Казакстандын мыйзамдарына ылайык, парламенттик шайлоодон кийин өкмөт отставкага кетиши зарыл.
Армениянын өкмөт башчысы парламенттик жана парламенттен тышкаркы күчтөрдү 2021-жылы кезексиз шайлоо өткөрүү боюнча консультация жүргүзүүгө чакырып кеткен.
5-декабрда оппозиция премьер-министр Никол Пашинян жана анын командасына 8-декабрга чейин кызматтан кетүү талабын коюшкан. Талаптар аткарылбаса өкмөткө баш ийбей турганын билдиришкен.
Талантбек Исаевдин ордуна Ички иштер министрлигине караштуу Ички иликтөө кызматынын жетекчиси Талантбек Акматов келди.
Буга чейин депутаттар башкы прокурорлук кызматка кесиптеши Курманкул Зулушевдин талапкерлигин сунуштай турганы айтылган.
Өткүрбек Жамшитов 2018-жылдын апрель айында башкы прокурор болуп дайындалган. Депутаттар анын ордуна эл өкүлү Курманкул Зулушевди сунуштоого камынууда.
Суракматов борбор калааны жетектөөгө мындан эки жыл мурун, 2018-жылы, киришип Албек Ибраимовдун ордуна келген.
Мурунку өкмөт башчы ушул жылдын июнь айында жыштык чырынан улам кызматынан кеткен болчу.
Мыйзам боюнча, экс-президентке мамлекеттик дачалардын бири өмүр бою колдонууга берилет. Мындан башка дагы кандай артыкчылыктар бар экенин Sputnik даярдаган материалдан билүүгө болот.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында 16-октябрда тарыхый окуя болду. Президент Сооронбай Жээнбеков өз ыктыяры менен кызматын тапшырып кетти. Ал соңку кайрылуусунда өлкөнүн биримдигин сактоого бар күчүн жумшаганын айтып өттү.
Сооронбай Жээнбеков мамлекет башчылыктан кетип, экс-президент макамына ээ болду. Муну менен ал Кыргызстандын эгемен тарыхындагы бешинчи президент болуп калды.
Сооронбай Жээнбеков бүгүн расмий түрдө президенттик кызматын тапшырып кетти. Узатуу иш-чарасы "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп, ага Жогорку Кеңештин депутаттары, премьер-министр жана өкмөт мүчөлөрү катышты.
Жогорку Кеңештин төрагасы Сооронбай Жээнбековдун келечектеги орду жана экс-президент макамы тууралуу суроого жооп берди.
Бир нече күндөн бери миңдеген киши митингге чыгып президенттин отставкасын талап кылган. Натыйжада кечээ Сооронбай Жээнбеков кызматтан кете тургандыгын айткан.
Ушу тапта "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында Жогорку Кеңеш депутаттары кезексиз жыйынга чогулган.
Президент Сооронбай Жээнбеков 15-октябрь күнү кызматтан кете турганын жар салган. Буга өлкө башчы өлкөдөгү коомдук-саясий абал себеп экенин айтты.
Кыргызстандагы саясий кырдаал күн сайын эмес, саат сайын өзгөрүүдө. Бир нече күндөн бери миңдеген киши митингге чыгып талап кылгандыктан, кечээ президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кете тургандыгын айтты.
Митингге чыккандар Жогорку Кеңешти тарасын деген талап коюп жатышат. Аларга Садыр Жапаров чыгары күтүлүүдө.
Өлкө башчынын кызматтан кетүү жөнүндө арызы Жогорку Кеңеш тарабынан эске алынып, протокол менен жол-жоболоштурулат.