Мээрим Жуманазарова алгачкы кармашында эле кытайлык кыз менен кез келип жеңилип калган болчу. Кийинки баскычтарда өзүнүн мыкты экенин көрсөтүп, финалдык баскычка жетти.
68 килограмм салмак категориясы боюнча финалда кыргызстандык кыз кытайлык Фэн Чжоу менен таймашат.
76 килограмм салмакта күч сынашкан Айпери Медет кызы төрт беттеш өткөрүп, бардык атаандашын толук артыкчылык менен утту.
Учурда Алматы шаарында Токио Олимпиадасына жолдомо берген квалификациялык турнир өтүп жатат. Буга чейин лицензия кыргызстандык алты спортчуда бар болчу.
Адамзатка Олимпиаданы кайтарып берген француз барону Пьер де Кубертен аттуу адам болду. Анын демилгеси менен 1894-жылы Эл аралык олимпиада комитети түптөлүп, эки жылдан кийин биринчи оюн өткөн.
Дзюдо боюнча мындай турнир Кыргызстандын тарыхында алгачкы ирет өтмөкчү. Чемпионат олимпиада оюндарына рейтинг топтоочу мелдештердин катарында турат.
Олимпиада оюндарына жана эл аралык турнирлерди өткрүүгө даярдык көрүү боюнча кеңешмеде бир катар чечимдер кабыл алынды.
Жөө күлүктөр Өзбекстанга Спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын негизги республикалык жана эл аралык мелдештердин календарлык планына ылайык жөнөтүлдү.
Уюштуруу комитети келе турган чет элдик көрүүчүлөргө сатылган билеттердин акчасы кайтарып берилерин билдирген.
Блинов 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарында командалык үч таймашта алтын жана жеке үч таймашта күмүш медалдын ээси болгон.
Эл аралык марафон дирекциясынын башчысы Мелис Надыров Ысык-Көлдө өтө турган Run the Silk Road марафонунун акчалай байге фондуна 1 миллион 44 миң сом каралганын билдирди.
Эл аралык марафон дирекциясынын башчысы Мелис Надыров Ысык-Көлдө өтө турган Run the Silk Road марафону кыргызстандык жөө күлүктөр үчүн эл аралык ири мелдештерге жолдомо утуп алууга жакшы мүмкүнчүлүк экендигин белгиледи.
Белгилүү машыктыруучу бир катар балбандарды тарбиялап, алды Олимпиада оюндарынан байгелүү кайткан.
Париждин ажайып жайы алгачкы ирет 1968-жылы күрөң түстөн алтын түскө сырдалган. Аны жаңыртууга 60 тонна боёк кете турганы айтылды. Бул үчүн бийликке 50 миллион евро керектелет.
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин спорттогу жогорку жетишкендиктерди анализдөө жана өнүктүрүү бөлүмүнүн начальниги Марат Аскарбеков Олимпиада жана Паралимпиада оюндарына, Түркияда өтүүчү Көчмөндөр оюндарына басым жасаларын айтты.
Быйыл, 2021-жылы, Токиодо Жайкы Олимпиада оюндары болот. Спорттогу эң маанилүү мелдеш 23-июлдан 8-августка чейин өтөт. Кыргызстандык спортчулардын Олимпиада оюндарына катышып, байге утуу максаты бар.
Мамагенттик ата мекендик спортчулар эл аралык ири мелдештерге мыкты даярдык көрүүсү үчүн бардык зарыл шарттар түзүлүп жатканы айтылууда.
Былтыр пандемияга байланыштуу көптөгөн эл аралык турнирлер жылдырылып жана аймактардагы иш-чаралар токтотулганы белгиленди.
Басылманын жазганына караганда, бийлик өкүлдөрү учурда бул чечимин кантип жарыялоо тууралуу ойлонуп жатат.
Кёрлинг федерациясынын президенти Тынчтыкбек Саматов кыргызстандык спортчулар кёрлинг боюнча кышкы Олимпиада оюндарына катышып, чемпион болуу мүмкүнчүлүгү бар экендигин айтты.