Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевдин окуясынан кийин тилектештигин билдирип бир катар ырчы-чоорчулар Маданият министрлиги берген төш белги, диплом, медалдарын тапшырарын айтып чыгышты. Артисттер үчүн наам-сыйлыктын кадыры жоголдубу. Sputnik байкаштырып көрдү.
Кыргыз эстрадасынын жаркын жылдыздарынын бири НурЧолпон жакында эле президенттик стипендияга ээ болду. Ал буга чейин көптөгөн эл аралык сынактарда байгелүү орундарды алып келген.
Колумнист Нуржигит Кадырбеков бул ирет бекерчиликтен арылтчу "дарылардын" тобун тизмектеп, бир катар ыкмаларды сунуштады.
Tengri Music фестивалы алтынчы ирет өтүп жатат. Салтка айлангандай белгилүү артисттер ачык асман алдында элге таланттарын тартуулашат.
Азыр дүйнөнүн ар бир бурчунан кыргызстандыктарды табууга болот. Кай бирлери жумуш издеп кетсе, айрымдары минтип койгон кыял-максаттарынын артынан барып, ийгиликти багынтып отурат. Арасында бактысын тапкандар да аз эмес.
Sputnik эл аралык агенттиги жана радиосу менен НТВ телеканалынын биргелешкен долбоорунун биринчи чыгарылышына күбө болуңуздар.
Нурай Догдурбай кызы консерваторияны аяктап, дирижер болуп чыккан. Соңку жылдары чет жерде, атап айтканда, Таиланд, Катар, Түркия, Бириккен Араб Эмирлигинде иштеп жүрөт.
Адатта учакка жол тыгындар, көзөмөл жайында документ текшерүүлөрдөн улам кечигүүлөр көп болсо, пилот көп киши маани бере бербеген жагдайды айтып берген.
Михаил Боярский капысынан эле спорт тууралуу ыр жазып, Лев Лещенко жабылуу аземинде өз үнүн тааныбай калганы тууралуу кызыктарды Sputnik агенттигинин материалынан окуңуздар.
Биздин редакцияга өзгөчө видео келип түштү. Музыканттар бишкектиктерди оор учурда колдоо максатында белгилүү мелодияны аткарышкан. Алар видеону сиздер менен бөлүшүүнү суранышты. Биз болсо аны бир аз жасап, назарыңыздарга сунуштап жатабыз.
Кыргызстандык комузчу Закирбек Дүйшөнбек уулу жана Россиянын Осипов атындагы улуттук академиялык эл аспаптар оркестринин мүчөсү Александр Николайчук Кремлде комуз менен балалайканын ширелишкен күүсүн жаңыртты.
Сынакка Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркиядан чогулган беш жаштан 15 жашка чейинки балдар катышат.
1980-жылдардын ортосунда Москвадан 15 республикага тең кыздардан турган ансамблдер түзүлсүн деген тапшырма берилген. Көп өтпөй Кыргызстанда "Кыз Бурак" тобу түптөлүп, "чү" дегенде эле элдин назарын бурган музыкалык ансамбль болду.
Атагы алыска кеткен россиялык топтун курамында ырчылар Ольга Меганская, Эрика Герцег жана Ульяна Синецкая бар.
КР эл артисти, искусство таануу илимдеринин доктору, профессор, "Кыргыздын салттуу музыкасы" фондунун негиздөөчүсү Роза Аманова ар эки жыл сайын жумалык конкурс иретинде өткөрүлүп келгенин айтты.
Жумалыктын негизги максаты — жаштар арасында салттуу музыканы жайылтуу жана аны өркүндөтүү. Иш-чараны уюштуруу боюнча атайын комитет түзүлөт.
Муратаалы Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын музыка теориясы бөлүмүнүн башчысы Айгерим Намазбекова академиялык музыкалык аспаптар окуу жай ачылгандан бери колдонулуп келе жатканын айтты.
Димаш Кудайбергеновдун апасы кош бойлуу кезинде ага баласы келечекте дүйнө жүзүнө белгилүү болорун айтышкан.
"Кыз Бурак" ансамблинин негиздөөчүсү, КРдин эл артисти Гүлшайыр Садыбакасова аталган топ түзүлгөндөн бери 400гө чукул кыз эмгектенгенин айтты.
Маданияттын эмгек сиңирген ишмери, композитор жана музыкалык сынчы Тимур Саламатов Кыргызстандын Композиторлор союзунун түзүлгөнүнө быйыл 80 жыл болгонун айтты.