12:45 22 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8317
  • EUR77.1501
  • RUB1.0937
Тема боюнча жаңылыктар кыргызча тест
49 Натыйжалар
  • Жанылары
  • Популярдуу
  • Улуттук кийим кийген кыз. Архив
    13:59 20.07.2019
    8020

    Ката жазгандарды көргөндө териңиз тырышабы? Тест

    Ката жазгандарды көрсөңүз териңиз тырышып калабы? Менимче, туура эмес жазуу туура эмес көйнөк кийип алгандай эле болсо керек — бетке чиркөө болот, тартынып-корунасыз. Бир сөз менен айтканда уят! Сиз да уят болуп калбаш үчүн төмөнкү тесттен өтүп көрбөйсүзбү?

    Кыргызча тесттер
  • Блокнотко жазып жаткан кыз. Архив
    17:14 12.07.2019
    14060

    Диктантты катасыз жазууга даярсызбы? Кезектеги тесттен өтүңүз

    "Жат жазууну акыркы ирет качан жаздыңыз эле?" деген суроо берилсе, ар бир адам окуучулук учурун эстейт. Кандай каталарды кетиргениңиз эсте жокпу? Анда кайрадан мектеп партасын элестетип, биздин тесттен өтүп көрбөйсүзбү?

    Кыргызча тесттер
  • Улуттук кийим кийген моделдер. Архив
    13:33 06.07.2019
    7534

    Төмөнкү сөздөрдү уктуңуз беле? Кыргызча тест

    Кээ бир сөздөрдү угуп эле жүрүп, бирок анын мааниси эмнени түшүндүрөрүн билбейбиз. Үңүлө келсек, аларды бабаларыбыз колдонуп келген, андан тышкары, көркөм чыгармалардан табабыз. Манастын тилин билебизби?.. Күмөн санап турсаңыз, төмөнкү тесттен өтүп көрбөйсүзбү?

    Кыргызча тесттер
  • Жогорку Кеңеш. Архив
    17:40 28.06.2019
    10760

    Депутат боло аласызбы? Тест

    Бүгүнтөн тарта Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаттары электорат менен жолугууга жана эс алууга кетти. Ишке сентябрда кайтып келишет.

    Кыргызча тесттер
  • Конок тосуу. Архив
    13:48 21.06.2019
    6678

    Капыстан Нарынга же Чүйгө кудага барып калсаңыз... Тест

    Нарынга же Чүйгө жол чыгып, жөнөп калдыңыз. Жакшылыктар көп болсунчу, же куданы ошол жактан күттүңүз. Барганда конок койдон жоош болуп отура бербей, алардын өзгөчө сөздөрүн үйрөнүп алсаңыз, ашыктык кылбаса керек. Бул сапар эки аймакта көбүрөөк колдонулган диалект, говорлордон тест жасадык.

  • Улуттук кийим кийген кыздар. Архив
    18:34 07.06.2019
    8513

    Жат жазуу – 2. Бул каталарды сиз кетирбейсизби? Тест

    Жакында кыргызстандыктар жапырт жазган жат жазууну карап отуруп, кишинин оюна келбеген каталарды таптык. Эгер баамдасаңыз, аларды төмөнкү тесттен кезиктиресиз. Негизи эле бир карап коюңуз, балким, алды-кийин диктант да жазып каларсыз. Ал эми азырынча бул тесттен өтүп көрсөңүз.  Сабаттуулугуңузду жалпылап бир текшереличи!

    Кыргызча тесттер
  • Селкинчек ойноп жаткан кыз жана жигит. Архив
    21:20 31.05.2019
    20842

    Жат жазуудан бул каталарды кетирбейсизби? Тест

    Бул жолу да тестибизди сабаттуулук боюнча жасаганыбыздын себеби, эки апта мурда жазылган жат жазуулардагы жайнаган каталар болду. Кыязы, анын "таасиринен" чыга албай жаткандайбыз. Адамзат улам өнүгүп бара жаткан заманда 36 тамгадан куралган сөздү тыңгылыктуу жаза албай жатканыбыз, албетте уят.

    Кыргызча тесттер
  • Кыргызстандын желегин жамынып турган кыз. Архив
    14:26 17.05.2019
    6907

    Туура эмес жазуу сиз үчүн модабы? Тест

    Кыргызча ката жазуу адатка эмес, модага айланып бара жаткандай. Бул бир жагынан таң калтырса, бир жагынан тамганы дыкаттык менен тергендерди, жумшак айтканда, түйшөлтсө, ороюраак айтканда, кыжырын кайнатат. Сиз жинге тийгендердин катарын толуктабайсызбы? Анда кезектеги тесттен өтүп көрүңүз.

    Кыргызча тесттер
  • Кагазга жазып жаткан кыз. Архив
    20:45 03.05.2019
    7607

    Кыргыз тилинде туура жазуу колуңуздан келеби? Тест

    Канчалык коом алдыга кетип, технология өнүгүп жатканы менен кээде сабаттуу жазууну унутуп бара жаткандай сезимдер болот. Себеби азыр "Фейсбукту" баш, "Инстаграмды" төш кылып, "Одноклассникини" кошо чапчып, ушул айдыңдарда кыргызча ката сөздөрдү жайната жазып жатабыз.

    Кыргызча тесттер
  • Улуттук кийим кийген кыздар. Архив
    17:09 26.04.2019
    4294

    Макалдарды толуктайбыз, улайбыз, кошобуз. Тест

    Макалдарга канчадан бери кайрыла элекпиз. Сөздүн көркү, каймагы дал ушул сөздөр эмеспи. Андыктан, Sputnik Кыргызстандын кезектеги тестинде төмөндөгү макалдарды улап кетип, кептин толук маанисин ачууну сунуштайбыз.

    Кыргызча тесттер
  • Этно фестивалдын катышуучулары. Архив
    15:20 19.04.2019
    4935

    Бул сөздөрдү өмүрүңүздө колдонуп көрдүңүз беле? Тест

    Эскирген сөздөрдү азыркы жаңы терминдер, неологизмдер менен кошуп сүйлөгөнгө кудуретибиз жетеби? Негизи кептин көркүн көөнө, унутулуп же али биз эшите элек сөздөр чыгарарын байкадыңыз беле? Жок деп баш чайкаардын алдында төмөнкү сөздөрдү социалдык тармакка пикир, кайрылуу же жөн эле пост жазар алдында колдонуп көрбөйсүзбү, замандаш.

    Кыргызча тесттер
  • Девушки в национальной одежде во время празднования Нооруза на площади Ала-Тоо в Бишкеке. 21 марта 2019 года
    17:28 12.04.2019
    9070

    Кыпкыргызча эле сөз... Бирок туура жаза аласызбы? Тест

    Кыргызча туура жаза алабыз дегенибиз менен жаңылган жагдайларыбыз да жок эмес. Ката кетирген эмес, аны кайталай берген калпыстык. Бир тамга алмашса, сөздүн мааниси өзгөрөт, кемийт, куну кетет.

    Кыргызча тесттер
  • Селкинчек ойноп жаткан балдар. Архив
    16:30 05.04.2019
    3599

    Диалект сөздөр... алды-кийин уктуңуз беле? Тест

    Алыскы бир облустан куда тостуңуз. Шаңкылдап ырдап, шартылдата комуз чертип болочоктогу туугандардын көңүлүн алып жатасыз. Анан эле сизге кайрылып калды, кайталап сурадыңыз, коногуңуз дагы ошол эле сөздү айтты. Албетте, эмне деп жатканын түшүнүүгө абдан аракет кылып жатасыз дейли. Алды-кийин аны укпаптырсызбы? Себеби диалект сөздөр турбайбы... Эми канттиңиз?

    Кыргызча тесттер
  • Дептер жана калем кармап турган кыз. Архив
    11:02 23.03.2019
    5492

    Кыргызча туура жаза аласызбы? Тест

    Кыргызча сөздөрдү жазууда ката кетирип алган учурлар болгону менен калктын көбү сабаттуу деп билебиз. Анткен менен адам кээде билимин маал-маалы менен текшерип турса ашыктык кылбайт. Sputnik Кыргызстан кыргыз тилиндеги сөздөрдү туура жазуу боюнча кезектеги тестин даярдады.

    Кыргызча тесттер
  • Улуттук кийим кийген кыздар. Архив
    14:29 01.03.2019
    10213

    Ушул сөздөрдү уктуңуз беле, эстеп көрсөңүз. Тест

    Кыргызча сөздөрдүн кээ бирлерин укканыбыз менен маанисин дайыма эле биле бербейбиз. Ага таңгалып, кээде ийинибизди куушуруп тим болушубуз мүмкүн. Sputnik Кыргызстан мааниси жамы журтка өтө тарабаган сөздөрдөн турган атайын тест түздү. Бир ирет өтүп билимиңизди, кыргыз тилин кандай билериңизди текшерип көрүүнү сунуштайбыз.

    Кыргызча тесттер
  • Улуттук салбуруун оюну. Архив
    18:41 15.02.2019
    5563

    Шакылдап сүйлөгөндөй, шыпылдап жаза аласызбы? Тест

    Кыргызча сөздөрдү өзүнүн эрежеси менен туура, сабаттуу жаза ала турган сапатка ээ адамдар, албетте, суктанууну жаратат. Сүйлөй бергенде кыйынчылык байкалбайт, аны кагазга түшүргөндө түйшөлүп калган учурлар арбын экен, көрсө.

    Кыргызча тесттер
  • Кыргыз тилинде жазуу. Архив
    16:28 08.02.2019
    7608

    Катасыз жазган колуңуздан келеби? Тест

    Бир тамга, бир үтүр сөздүн маанисин таптакыр башкача кылып өзгөртөт. Эгерде тамга түшүп же кошулуп калса кандай маани берери баарыбызга түшүнүктүү. Акыркы учурда ката жазгандар көбөйдү деп наалыгандар менен кошо эле катаны кадыресе көрүнүштөй кабылдагандар да арбыды.

    Кыргызча тесттер
  • Окуучу. Архив
    17:58 01.02.2019
    11237

    Кыргызча туура жаза аларыңызга ишенесизби? Тест

    Кыргызча адабий тилде да, диалект менен да, ал тургай говорлорду кошуп такылдап сүйлөгөнүбүз менен катасыз жаза алабызбы?

    Кыргызча тесттер
  • Улуттук кийим кийген кыздар. Архив
    18:47 25.01.2019
    5784

    Эстеп көрсөңүз, бул макалды уктуңуз беле? Тест

    Кыргыздын сөз дүйнөсү океандай терең. Кээде өмүрү укпаган макалдарды угуп, тан берген учурлар болот. Sputnik Кыргызстан бул сапар макалдар боюнча жасалган тестти сунуштайт.

  • III Всемирные игры кочевников. 2 день. Торжественная церемония открытия этногородка в урочище Кырчын
    20:19 18.01.2019
    14563

    Табышмактын жандырмагын таба аласызбы? Тест

    Бала кезде көздү алайтып алып, табышмактын жандырмагын издеген ирмемдер эсиңизде чыгар. Жашырып, башкалар жообун билбей жатса маалкатып, ого бетер бааланып, ээ?..

    Кыргызча тесттер