Изилдөөнүн алкагында жети облус менен эки ири шаар – Бишкек менен Оштун тургундарына (1000 киши) сурамжылоо жүргүзүлгөн.
Маалымат булагы Гамалея борбору "Спутник V" боюнча өзү жүргүзгөн изилдөө 2021-жылдын май айында рецензияланган илимий журналга жарыяланарын айтты.
Өзбекстан өз аймагындагы коронавирустун бардык түрлөрүнүн ДНКсын толугу менен иликтеп чыккан 50 өлкөнүн катарына кирди.
2010-жылы Кыргызстандын түштүгүндө улуттар аралык чыр чыгып, жүздөгөн жарандар каза болуп, миңдеген киши жаракат алган.
Дүйнөдө көпчүлүк эл жумасына беш жумуш күндүк стереотип менен жашашат. Бирок айрым тажрыйбалар бул түшүнүктү өзгөртүү мезгили келгенин көрсөтүүдө.
Америкалык окумуштуулар боюнан түшүп көз жумган келиндер көбүрөөк экендигин аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыгы The BMJ илимий журналына жарыяланган.
Респонденттердин 41 пайызы башка препараттар менен эмделгенине карабай “Спутник V” вакцинасын алуу ниетин билдирген.
Вирустарды көзөмөлдөө боюнча республикалык илимий-практикалык борбордун жетекчиси Зуридин Нурматов өлкөдө коронавируска чалдыккандардын 64 пайызы ооруну белгиси жок өткөрсө, 22 пайызы гана ооруканага кайрылганын айтты.
ДССУ оору жарганаттардан тараган же лабораторияда ойлонуп табылган деген версиялар чындыкка туура келбеши мүмкүндүгүн билдирди.
Ымыркай жарыкка келери менен ПЦР-тесттин жардамы менен вирус аныкталган. Азырынча баланын ден соолугунда өзгөрүүлөр жок.
Изилдөө баш-аягы 55 медресени камтып, медреселердин жетекчилиги жана мугалимдеринен интервью алынып, окуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүлгөн.
Мындан бир нече күн мурда Кара-Сууда туулган күнгө барган адамдар тамакка ууланып, алардын экөө каза болгон. Жабыркагандар ооруканага дароо кайрылышкан эмес.
Адистер ден соолугуна узак убакыт бою байкоо жүргүзүлүп келген эки миллиондон ашуун адамдын маалыматтарын талдап чыгышкан.
Эмделген адам кайра ооруп калган күндө да COVID жеңил өтөт, анткени вирус козгогуч өпкөгө түшпөйт. Таасирин күчөтүү үчүн үч айдан кийин кайра вакцина сайдырып койсо болот.
2025-жылы алгачкы космостук мейманкананын курулушу башталат. Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөт түрмөгүнөн отелдин көрүнүшүн сындан өткөрүп алсаңыз болот.
Адистер 2006-жылдан 2010-жылга чейин 40 жаштан 69 жашка чейинки курактагы 100 миң адамдын маалыматын анализдешкен. Анкетада катышуучулар күн сайын канча ичимдик ичерин айтып, кесиби тууралуу жазышкан.
Австриялык окумуштуулар бир жыл мурда Европада инфекциянын эпицентрине айланган Ишгиль лыжа базасында масштабдуу изилдөө жүргүзүшкөн. Окумуштуулар коомдо жамааттык иммунитет калыптанат деп ишенишет.
Медиктер оорунун алдын алуу үчүн чылым чегүүдөн арылууга, туура тамактанып, спорт менен машыгууга кеңеш беришет.
Окумуштуулардын ою боюнча, аныкталган вирустардын көбү адам үчүн кооптуу эмес. Анткени алар Зика жана SARS-CoV-2 вирустары сыяктуу коркунучтуу РНК-вирустарынан айырмаланып турушат.
Америкалык Perseverance изилдегич аппараты 19-февралдын түнү Марстагы Езеро кратеринин аймагына конду. Бул космосту изилдөө жаатындагы маанилүү окуялардын бири болду.