70 гектар аянтты ээлеген соода-өнөр жай жана текстиль комплексинин аймагында соода-экспозициялык павильон, кампалар, тигүү фабрикалары, бажы-логистикалык терминалы жайгашмакчы.
Жер-Үй — Кыргызстандагы эң ири кендердин бири. Анда 100 миң тоннага чукул алтын бар экени белгилүү.
Тергөө комитети коопсуздук эрежелерин бузуу, эки же андан ашык адам өмүрүн алуу беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда ал жакта 195 куткаруучу, 57 түрдүү техника иштеп жатат.
Облус башчысы учурда суу жана топуракта зыяндуу заттардын бар-жогун аныктоо боюнча лабораториялык иштер жүрүп жатканын айткан.
Буга чейин жергиликтүү жашоочулар бири-бирин дарыядагы сууну ичпей турууга чакырып, сууга цианид кошулуп кетти деген маалыматтарды таратышкан.
Аталган фабриканын ишке берилиши кармалып жаткандыгы тууралуу маалымат компаниянын жетекчилиги тарабынан Артем Новиковдун өткөн жумада бизнес-коомчулук менен жолугушуусу учурунда айтылган.
Мындан тышкары текстиль фабрикасынын курулушу башталган. Ишкерликтин бул түрлөрүнө төрт гектар жер бөлүнүп, 14 миллион доллар каражат салынган.
Ишкана негиздөөчүсү Алмазбек Абдраев пандемияда жумуш орундарын сактап калуу үчүн медициналык максатта колдонула турган жеке коргонуу шаймандарын өндүрүүгө өткөнүн билдирген.
Конуштан жер тилке сатып алган 3 125 жаранга бир типтеги турак жай салуу үчүн шаар бийлиги көмөктөшөт.
30-майдан 4-июнга чейин "Рахат" кондитердик фабрикасында 10 кишиден коранавирус чыгып, 467 кишинин ооруну алып жүргөнү аныкталган.
"Ат-Башыга логистикалык-индустриалдык борбор курулат" дегенден бери жергиликтүү тургундар ортосунда кайчы пикирлер жаралды. Айрымдары "салынсын" деп кубаттаса, кээ бири борбордун келечегинен күмөн санап, Ат-Башы экологиялык жактан зыян тартып каларын айтышууда.
Учурда тилсиз жоо толугу менен өчүрүлүп бүттү, бирок куткаруу иштери уланууда. Өрттүн чыгышына эмне себеп болгону иликтенип жатат.
Эгерде кадимки эле балмуздактын кантип жасаларын билбесеңиз, бул жакка бир көз жүгүртүп коюңуз. Кадрлар Белоруссиядагы факбрикалардын биринде тартылган.
Өкмөттүн маалыматына караганда, "Куру-Тегерек" кенин иштетүүгө инвесторлор 10,5 миллиард сом сарптап, 500гө жакын жумуш орундарын түзгөн.
Учурда бул фабрикада 40 адам иштейт.
Шаар башчысы мэриянын негизги багыттарынын бири шаардыктарды жумуш менен камсыз кылуу экендигин баса белгиледи
Иликтөө маалында айрым 15 жаштагы качкын балдар фабрикада тийиштүү коргонуу каражаттары жок химиялык заттар менен күнүнө 12 саатка иштеп жатканы белгилүү болгон.
Мухамметкалый Абулгазиев бир күндүк иш сапарынын алкагында чек арадан сырткары бир канча ишканаларды кыдырып, тиешелүү тапшырмаларды берди.
Экономика министри заводдорду көчүрүү жөнүндө Кытайдын сунушунун келечеги, көйгөйлөрү жана анык абалы туурасында Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына айтып берди.
Кыргыз-орус өнүктүрүү фонду жаңы фабрика жумушчу орундарды түзүп, атаандаштыкты күчөтүп, трикотаж импортунан көз карандылыкты азайтат деген ниетте. Акыркы үч ай ичинде бул багыттагы 11 долбоор аталган фонддон насыя алган.