Облус башчысынын айтымында, учурда райондун аймагында мал союучу үч ишкана курулуп жатат. Алардын сырьесу бул заводго түшүп, даяр продукция катары экспортко чыгарылат.
Жакында айыл чарба министри башка мамлекеттерден мал сатып алып, союп, Кытай, араб өлкөлөрүнө эт экспорттоону сунуштады. Бул мүмкүнбү же жокпу деген суроонун айланасында Sputnik Кыргызстан ой жүгүртүп көрдү.
Айыл чарба министрлиги Россия, Монголия, Казакстан, Беларусь, Украина жана Польшадан арзан мал алып келерин айтууда.
Марат Зарыпбек уулу болгону 28 жашта, бирок анын долбоору миңдеген кыргызстандык фермерлердин турмушун өзгөртүп кое алат. Ал Балыкчы шаарында ири эт комбинатынын курулушу менен алектенүүдө. Ишкана аймактын экономикасын жакшы нукка бурарына ынандырат.
Балыкчыда сегиз миллион долларга эт комбинатын куруп жаткан ишкер Марат Зарыпбек уулу өлкөнү сапаттуу эт менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты.
Долбоордун курулушунун бир бөлүгү Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган. Ишканада 30 адам эмгектенет, ал эми анын сактагычынын кубаттуулугу 2400 тоннаны түзөт.
Sputnik Кыргызстан агенттиги өлкөдөгү ири базарларда малдын (жылкы, кой, уй, ирик, бука, торпок) баасы канчадан болуп жатканын билип көрдү.
Өлкөдө соңку айларда эттин баасы өсүүдө. Мунун себебин бийлик Кыргызстандагы малга Өзбекстан менен Тажикстанда суроо-талап күч экендиги менен түшүндүргөн.
Ырсалиев кыргызстандык фермерлерден антибиотик менен дарылап жаткан малдын этин жана сүтүн сатпай турууну өтүндү.
Тооктун айрым бөлүктөрүндөгү бактериялар жогорку температурага туруштук бергендиктен, термикалык иштетүүдөн кийин деле өлбөйт.
Адис белгилегендей, шишик өрчүш үчүн "тамактанат". Ал эми глюкоза ага миңдин бири. Башкача айтканда, шишик глюкозанын жардамы менен чоңоёт.
Жыл башынан бери суу майдын экспорту 40 пайызга, буудай 6,5 пайызга, кумшекер дээрлик тогуз, ал эми тоок эти 2,2 эсеге жогорулаган.
Адистин айтымында, товар ташыгандардын ири интернет аянтчаларына чыгып онлайн-соодага өтүшү ЕАЭБ үчүн перспективдүү тенденция болуп жатат.
Премьер-министрдин айыл чарба маселелери боюнча кеңешчиси Азамат Мукашев өлкөдө эттин баасы кымбаттаганынын себебин айтты.
Экспортчулар менен импортчулардын "Кыргызлэнд" ассоциациясынын төрайымы Ленара Ниязбекова этти экспорттоодо эң чоң көйгөй катары контрабанданы атады.
Буга чейин Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги сатуучулар арасында сурамжылоо жүргүзүп, мал жана эт Казакстан, Тажикстан жана Өзбекстанга чыгып жатканын кабарлаган.
Улуттук кыргыз сүт өндүрүүчүлөр ассоциациясынын төрагасы Нурбек Жыргалбаев өлкөдө асыл тукум малдын саны өтө аз экендигин айтты.
Орточо эсеп менен алганда кой эти 360 сомдон 367 сомго чейин (2,1%) кымбаттаганы аныкталган. Уй эти 363 сомдон 368 сомго чейин (1,2%) өскөн.
Адистин айтымында, накта колбаса таза эттен жасалып, көпкө чейин сакталбайт. Баасы дагы кымбат болгондуктан атайын дүкөндөрдөн гана табууга болот.
Даяр эт азыгында эт менен сөөктүн катышы 60ка 40 пайыз болушу керек. Кыргызстандын этинде катыш 50гө 50 пайызды түзөт.