Борбордо 2 юрист, 3 психолог, 3 социалдык кызматкер кайрылган жарандар менен иш алып барат.
Акыйкатчы институнун Балдардын, аялдардын жана үй-бүлө укугун коргоо бөлүмүнүн башчысы Махабат Турдумаматова балдар эртеңки келечек гана эмес бүгүнкү байлык экенин да айтты.
Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 80 миңден ашуун бала мектепке такыр барбайт же толук окубайт. Алардын көпчүлүгү тамак табуу айласын кылып, өзүнүн жаш-курагы үчүн оор болгон жумуштарда иштешет.