Залкар акын Элмирбек Иманалиев көзү тирүү болгондо бүгүн 43 жаштын чайын ичип отурмак... Жылдызын учурган кыргыз өзүн анын ырлары, чыгармалары менен сооротуп жүргөн кези.
Кыргыздын улуу акыны Элмирбек Иманалиев 1978-жылы 17-январда Токтогул районунун Өзгөрүш айылында туулган. Оорудан улам талант 2020-жылдын 20-апрелинде көз жумган.
Бүгүн адамзаттын алп акындарынын бири Алыкул Осмоновдун көз жумган күнү. Мындан туптуура 70 жыл мурда биз сүйүп окуган акын дүйнө салыптыр. Адамзатка ар кыл тагдыр буюрат тура.
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Таалайгүл Усенбаева айтылуу төкмө акын, маркум Элмирбек Иманалиевдин жубайы Нурзат Абдырашитова менен маектешти.
Кулуев кыргыздын көркөм руханий дөөлөтүн өнүктүрүүгө зор салым кошкон көрүнүктүү инсан болгону белгиленет.
Кулуев Жумгал районунун Чаек айылында 1942-жылы 1-январда туулган. Эмгек жолун мугалимдиктен баштап бир топ ийгиликтерге жетишкен.
Бүгүн Кыргыз эл акыны, жазуучу жана драматург Кубанычбек Маликовдун туулган күнү. Буга байланыштуу Sputnik Кыргызстан агенттиги залкар калемгердин чыгармаларын барактап, нускалуу кептерин сунуштайт.
Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков акындын ырынан жаман нерсе издеп кереги жок деген оюн билдирген.
Бүгүн КРдин эл артисти, белгилүү төкмө акын Замирбек Үсөнбаевдин туулган күнү. Ак таңдай акын, улуу устат 69 жашка толду.
Мамлекет башчы Көз карандысыздык күнүнө карата "КР мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө" жарлыкка кол койгон.
Жусуп Турусбеков кыргыз драматургиясынын түптөөчүсү катары саналат. Анын "Ажал ордуна" музыкалык драмасы Кыргызстанда алгач 1934-жылы коюлуп, 1939-жылы Москвада өткөн кыргыз искусствосунун биринчи декадасында коюлган.
Гүлсайра Момунова 1937-жылы 30-декабрда Талас облусунун Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында төрөлгөн. 1971-жылы Жазуучулар союзунун, 1965-жылдан тарта СССР Журналисттер союзунун мүчөсү болгон.
Төкмө акын мындан ары чыгармачылык менен алектенерин айтып, Байкоочу кеңештеги ишинде колдоо көрсөткөндөргө ыраазычылык билдирген.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.
"Элмирбек ага каза болгондон кийин атам уктабай, басса-турса "Элмир, эмнеге мени таштап кеттиң" деп сүйлөнүп калган" дейт акын Зайырбек Ажыматовдун уулу. Акын Ажыматов 29-апрель күнү дүйнө салган.
Бүгүн, 13-июнда, алп акын Элмирбек Иманалиевдин кыркы өткөрүлүп жатат. Sputnik агенттиги өнөрпоздун жаштыгын, сүйүүсүн, үй-бүлөсүн, чыгармачылык жолун баяндаган сүрөттөрдү сунуштайт.
Кененбаев Омор Султановдун ден соолугуна, ал-абалына мамлекет башчысы да тынчсызданып жатканын айтып, дары-дармегине деп президенттин берип жиберген материалдык жардамын тапшырды.
Айзуура Иманалиеванын айтымында, уюм коммерциялык болбогондуктан материалдык пайда табууну көздөбөйт. Иманалиева фонд адамдын жан дүйнөсүн азыктандырчу казына болоруна ишенерин белгиледи.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
...Тээ ак мөңгүлүү бийик зоокаларды аралай учуп кеткен алп таланттар Зайырбек Ажыматов менен Элмирбек Иманалиевдин жаркын элестерине арналат.
Залкар акын Элмирбек Иманалиев көзү тирүү болгондо бүгүн 43 жаштын чайын ичип отурмак... Жылдызын учурган кыргыз өзүн анын ырлары, чыгармалары менен сооротуп жүргөн кези.
Залкар акын Элмирбек Иманалиев көзү тирүү болгондо бүгүн 43 жаштын чайын ичип отурмак... Жылдызын учурган кыргыз өзүн анын ырлары, чыгармалары менен сооротуп жүргөн кези.