Буга чейин Кыргызстандын үч жараны Кувейттен жумуш таап жөнөткөн агенттик убадасына турбай, оор кырдаалга кептелгенин айтып кайрылган. Учурда ал агенттиктин жоопкерчилиги каралууда.
Буга чейин Кыргызстан үч жараны Кувейтке жөнөткөн компания убадалаган жашоо-шартын аткарбай, оор кырдаалга кептелгенин айтып кайрылган.
Бизде саясий иштен спортту гүлдөтүүгө өткөн кызматкерлер саналуу. Алардын бири Нурдин Султамбаев. Роза Отунбаеванын убагында президенттик аппараттын маалымат-саясат бөлүмүндө адис, кийин өкмөттүн маалымат-саясат бөлүмүндө эксперт болуп иштеп, төрт жыл мурда спортту өнүктүрүүгө бел байлаган.
Эл аралык сулуулар сынагына 42 кыз катышууда
Жума сайын чыгуучу New Yorker журналынын материалында Кыргызстан менен Өзбекстандагы Гүлен мектептеринде англис тили мугалими катары иштеген ЦРУнун агенттери жөнүндө айтылат. Макаланын автору — Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Декстер Филкинс.
Агенттик эл аралык журналистка тармагындагы жаш адистердин тажрыйба топтоп, алдыга жылышына шарт түзөт.
Өкмөт быйыл 90 жаңы мектеп курулганын билдирген, анткен менен бардык маселелер чечилген жок. Бир катар айылдарда он жылдап курулуп бүтпөгөн мектептер турат. Окуучулар башка имараттарда окуусун улантып, же башка айылдагы мектептерге барып окууга аргасыз.
Ал үчүн эксплуатациялык коопсуздук аудитинен өтүү керек. Европа биримдигинин "кара тизмесинен" чыгуу бир катар артыкчылыктарды берет.
Иш-чараны "Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги уюштуруп, 30 мамлекеттен келген медиаэксперттер катышууда.
Учурда директордун милдетин агенттиктин статс-катчысы Нуржан Бардинова аткарууда.
Агенттик базалык станциялар күн-түн дебей байланыш кызматын колдонуу эле эмес, шашылыш кызматтарга байланышка чыгууга мүмкүнчүлүк түзүп, өзгөчө кырдаалдар маалында үзгүлтүксүз жана ишенимдүү байланыш менен камсыз кыларын кошумчалайт.
Чемпионаттын жаңылыктарынан тыш аталган агенттик белгилүү хоккейчилер менен маектерди жана эксклюзивдүү материалдарды тартууламакчы.
Мурдараак пианинодо ойноону кыялданган алты жашар кыздын таржымалы интернетке жарыяланган.
Анын эки учуру Ысык-Көл облусунда катталса, бирөөсү Чүйдөн кармалган.
Агенттиктин жооптуу кызматкерлери кен казуучу ишканага берген туура эмес лицензиясынын негизинде кылмыш жоопкерчилигине тартылуу алдында турат.
Макулдашуу боюнча аталган агенттиктер маалымат алмашып тим болбостон, биргелешкен иш-чараларды да уюштурат.
Техникумдун жетекчилиги Монополияга каршы жөнгө салуу агенттиги менен жең ичинен сүйлөшүп, окуу келишимин өзүм билемдик менен жогорулатып жиберген.
Эсеп палатасы аталган мекеменин каржы жагын текшерип, бир топ мыйзам бузууларды аныктаган.
Учурда өлкөнүн жети мамлекет менен аба байланышы түзүлгөн. Баарынан тогуз багытты камтыган Россия менен байланыш басымдуулук кылат.
Мамлекеттик байланыш агенттиги 2016-жылдын 31-январына чейин SIM-карталарды каттоодон өткөрүү зарылдыгын эскертет.