Экономика министринин орун басары Бекболот Алиев 2019-жылга чейин көмүскө жолдор менен табылган каражаттарын же убагында салык төлөнбөй калган мүлктөрүн легалдаштырууга уруксат берген мыйзам долбоору сунушталып жатканын айтты.
Буга чейин социалдык тармакта жолдошу менен ажырашкан жалгыз бой аял таксистти издеп жатканы жарыяланган.
Материалга ЖК депутаты Искендер Матраимовдун, президент Сооронбай Жээнбеков менен экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айткандары чогултулду. Буга кесиптештердин Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимовго байланыштуу жасаган иликтөөсү себеп болду.
Колумнист Эламан Карымшаков Instagram тармагындагы жашоого ишенбейм дейт. Ал жактагы адамдардын чымынды пил кылып көрсөткөнүнө бир аз кейип, айрымдар виртуалдуу жашоодо башкача беткап кийип алышарына токтолду.
Евразиялык экономикалык комиссиянын коллегиясы Макулдашуунун долбоорун жактырды. Муну менен бирге унаа жаатындагы бир катар документтер колдоо тапты.
Жалган документтердин негизинде банктын эки кызматкери 10 айдын ичинде Кытай менен Латвияга 4,4 миллиард сом акча которууга жетишкен.
Бир нече адам ири өлчөмдөгү акча каражатын которуу амалдарын мыйзамсыз ишке ашырып келген дейт милиция.
ЕККУнын колдоосу менен кылмыштуу кирешени мыйзамдаштырууга каршы Евразиялык топ жана кыргыз өкмөтүнө караштуу финансылык чалгындоо кызматы баалоочу эксперттер менен аналитиктер үчүн беш күндүк семинар өткөрөт.