Экотехинспекция келтирилген экологиялык чыгымдарды мамлекеттин эсебине өндүрүп берүү ниетинде. Ага кошумча мыйзамсыз курулуштарды бузуу аракетин баштады.
Москванын арбитраждык соту чечимди Кыргызстандын пайдасына чыгарып, Корея республикасынын жараны менен "Central Asia FEZ Development Corporation" ЖЧКсына 22,5 миллион доллар төлөп берүү боюнча Москва соода өнөр жай палатасынын чечимин жокко чыгарды.