Бишкектеги жаңы конуш жашоочуларынын аялдамага чейин баткак кечип келип, коомдук транспортко түшөр алдында башка бут кийим алмаштырып кийүүгө аргасыз болгон учурлары арбын. Интернет айдыңына жакында эле ушундай видео тарады.
"Ак-Бата" жаңы конушундагы жол оңдоо иштери былтыр эле башталган. Жалпы жонунан оңдоо иштерине мэрия 54,7 миллион сом жумшады.