Сумо күрөшү ассоциациясынын башкы катчысы Адил Шайхидинов сумо күрөшү менен өлкөдө 300дөн ашык адам машыгып, республикалык, эл аралык мелдештерге катышып келерин билдирди.
Садыр Жапаров Кыргызстан IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын уюштурууда тажрыйбасы менен бөлүшүүгө жана көмөктөшүүгө даяр экендигин белгиледи.
Бүгүнкү күндө мамлекетке таандык 58 музей бар. Анын ичинен жарымы министрлик, жарымы жергиликтүү бийлик тарабынан каржыланат.
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев Көчмөндөр оюндарынын программасын түзүү артыкчылыгы Түркия тарапта болгондугу үчүн көк бөрү мелдеши кандай эрежеде өтөрү чечилип жаткандыгын билдирди.
Агенттиктин директору менен дирекция, федерациялардын жетекчилери учурдагы көйгөйлөрдү аныктоо жана иш планга өзгөртүү киргизүү максатында жолугушкан.
Үч оюн Кыргызстанда өтүп, кезек Түркияга берилген. Бирок эпидемияга байланыштуу быйыл өтчү иш-чара эмдиги жылга жылдырылган.
Тай казан чуусу бир жылдан бери талаш жаратып келүүдө. Бул ирет кыргыз тараптын сунушу колдоо тапкан жок.
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк оюндары Кыргызстанда үч ирет өткөн. Соңку ирет 2018-жылдын 2-8-сентябрында Ысык-Көлдө уюштурулуп, эстафета Түркияга сунулган.
Жаштар иши, дене тарбия жана спорт агенттигинин директорунун орун басары Канатбек Арпачиев Көчмөндөр оюндарынын мандаттык комиссиясы 15-сентябрда Таласта иштей турганын айтты.
Маданият, маалымат жана туризм министринин орун басары Кайрат Иманалиев Таласта өтө турган Көчмөндөр оюндарына даярдыктар кызуу жүрүп жаткандыгын белгиледи.
Быйылкы оюндар Талас облусунда өтөт.
Кыргызстанга Түркия парламентинин төрагасы Бинали Йылдырым келди.
Муратбек Абдылдаев бала чагынан тарта ителги таптап келет. Мүнүшкөрлүк өнөр ага ата-тегинен калган. Ал ителгинин тилинде сүйлөгөндү гана билбесе, башкасынын баарын өздөштүргөн. Жада калса мелдештин алдында кушун диетага отургузуп коёт экен.
Германиядан келген мейман Томас Гуглер тандырда какталып бышкан козу этинен бир чымчым ооз тийген соң аны бышырган кишиге ыраазы боло карады.
Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарынын катчылыгынын жетекчисинин орун басары Айжан Абдесова аталган иш-чарада 1000ден ашык боз үй жана 16 ордо тургузулганын айтты.
Кутман таң, замандаш! Иш жумаңыздардын соңку күнү ийгиликтүү өтсүн!
Көчмөндөр оюндары Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөтчүсүнүн көзү менен дал ушундай болду.
Ак таңдай акын Аалы Туткучев Көчмөндөр оюндарынан эки тулпарлуу болуп кайтты. Бирин аламан байгени жеңген күлүктүн ээси берсе, экинчисин Көчмөндөрдүн улуу балбаны байгеге алган аргымагын тартуулаган. Буга акындын сөз кудеретинен тапкан акындык өнөрү себепчи болгон экен.
Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарынын башкы режиссеру Алтынбек Максутов аталган иш-чарага 1100 ыктыярчы кызмат кылганын айтты.
Ошентип, Кыргызстандын борборунан тарта ар бир айылына чейин жүгүрө чуркап даярданган Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндары аяктады.