Акжол Махмудов Роман Власовдун беттеш боюнча чакырыгын кабыл алды

© Sputnik / Табылды КадырбековГрек-рим күрөш боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив
Грек-рим күрөш боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 07.12.2021
Жазылуу
Роман Власов — грек-рим күрөшү боюнча россиялык атактуу балбандардын бири. Ал кыргызстандык атлет Акжол Махмудов менен беттешүү ниетин айтты.
БИШКЕК, 7-дек. — Sputnik. Грек-рим күрөшү боюнча кыргызстандык балбан Акжол Махмудов россиялык Олимпиада чемпиону Роман Власовдун чакырыгын кабыл алды. Маалыматты балбандын жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов Sputnik Кыргызстан агенттигине тастыктады.
Буга чейин Власов Instagram тармагындагы түз эфир учурунда күрөш сүйүүчүлөрү андан Акжол Махмудов менен беттеши тууралуу көп сурашарын айткан. Ал катардагы мелдештерде кез келип калары мүмкүн экенин, бирок көпчүлүктүн каалоосу боюнча аны атайын уюштуруу керектигин белгилеген.
Кечирээк россиялык спортчу кыргыз балбаны менен видеомаек аркылуу байланышканын сүрөт кылып чыгарган.
"Сенин жок деп баш тартпай турганыңды мен билгем. Килемдин арстандары чакырыктарды ар дайым кабыл алат. Жакынкы убакта биз бул ниеттерди ишке ашырабыз. Мен килем үстүндө өлсөм да жеңишти бербейм", — деп жазган Власов.
Махмудовдун жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахметов беттеш жазында шоу-мелдеште болорун тастыктады.
Эскерте кетсек, эки спортчу тең эң күчтүү атаандаштык бар делген 77 килограмм салмактын балбандары.
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2021
Мээрим Жуманазарова Гран-при мелдешиндеги атаандашы Велиеваны дагы утту
31 жаштагы Роман Власов россиялык атактуу спортчулардын бири. 2012-жылы Лондон жана 2016-жылы Рио Олимпиада оюндарынын алтын байгесин уткан. Үч ирет дүйнө, көп жолку Европа чемпиону болгон. Ал Токио Олимпиадасына бара албай калган. Деген менен быйыл Ослодо өткөн дүйнө биринчилигине катышып, чемпион болду.
Ал эми 22 жаштагы Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын, 2018-жылдагы Азия оюндарынын күмүш байге ээси. 2018-жылдагы Азия чемпиону.
Эске салсак, Власов буга чейин кыргызстандык балбандар Жоламан Шаршенбеков жана Айсулуу Тыныбекова тууралуу жылуу пикирлерин айтып келген.
Жаңылыктар түрмөгү
0