Кыргызстандык дзюдочу жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын байге утту

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүүДзюдочу. Архив
Дзюдочу. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.12.2021
Жазылуу
Кыргызстандык дзюдочулар жаштар арасындагы мелдеште бир алтын, эки күмүш байге алышкан. Федерация бул үчүн алардын жакындарына жана устаттарына ыраазычылык айтты.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Кыргызстандык Анарбек Ишенбаев дзюдо боюнча жаштар арасында өткөн Азия жана Океания мелдешинде чемпион болуп, алтын медаль тагынды. Бул тууралуу өлкөнүн аталган спорт боюнча Улуттук федерациясынан билдиришти.
Мелдеш ушул күндөрү Ливандын Бейрут шаарында өтүп жатат.
90 килограмм салмакта ат салышкан кыргызстандык балбан чейрек финалдан тарта ат салышып, адегенде пакистандык спортчуну уткан. Жарым финалда казакстандык балбанды жеңген. Финалдык таймашта түштүк кореялык Ли Намхун менен кез келип мыктылыгын далилдеген.
Федерациядан кошумчалагандай, аталган мелдеште Ханболот Ырысбеков (60 килограмм) күмүш байге жана кыздар арасында Шахида Нармухамедова (78 килограмм) күмүш байгеге ээ болушту. Ал эми Муса Шабданбеков 60 килограмм салмактагы дзюдочулардын арасында коло медаль тагынган.
"Бүгүн бүтүндөй Кыргызстан силердин спорттук эрдигиңерди майрамдап жатат. Таза жана айыгышкан күрөштө силер жогорку чеберчиликти, бекем эркти жана күчтүүлүктү көрсөтө алдыңар", — деп айтылат билдирүүдө.
Федерация байгелүү орундарды ээлеген дзюдочулардын жакындарына жана машыктыруучуларына ыраазычылык айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0