Футболчу Гүлжигит Алыкуловдун "баасы" бир миллион еврого чыкты

© Фото / пресс-служба ФК "Кайрат"Казакстандын "Кайрат" футбол клубунда ойногон кыргызстандык Гүлжигит Алыкулов
Казакстандын Кайрат футбол клубунда ойногон кыргызстандык Гүлжигит Алыкулов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Гүлжигит Казакстандын чемпионатындагы баасы жогору 15 футболчунун тизмесинде 13-сапка жайгашты. Ал эми Кыргызстанда эң кымбат оюнчу болду.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Казакстандын "Кайрат" футбол клубунда ойногон кыргызстандык Гүлжигит Алыкуловдун трансфердик баасы бир миллион еврого көтөрүлдү. Бул тууралуу маалыматты оюнчулардын баасын аныктаган германиялык Transfermarkt басылмасы кечээ жазды.
Муну менен Гүлжигит Казакстандын чемпионатындагы баасы жогору 15 футболчунун тизмесинде 13-сапка жайгашты.
"Кайрат" менен ал быйылкы сезондо Казакстандын кубогу мелдешин утту. Өлкө чемпионатында үчүнчү орунду ээледи.
Ал эми өткөн жылы Казакстандын чемпиону болгон.
Кыргыз футболчусу буга чейин эки ирет Азия чөлкөмүндө "Аптанын оюнчусу" жарышында жеңүүчү болгон.
Ал казакстандык команданын сабында ойноп, Европа футболдук уюмунун (УЕФА) Европа лигасы мелдешинде гол киргизген алгачкы кыргызстандык футболчу.
Гүлжигиттин мыкты дриблинги, чапчаңдыгы, коргоочуларды буйтап өткөн өзгөчө сапаттары үчүн казакстандык күйөрмандар ага "Кыргызстандык Месси" деп ат коюп алышкан.
Франциялык ПСЖ футбол клубу жана Аргентинанын чабуулчусу Лионель Месси жетинчи ирет Алтын топ сыйлыгын алды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Рекорд! Лионель Месси жетинчи ирет "Алтын топ" сыйлыгына татыды
Гүлжигит Алыкулов казакстандык командага 2020-жылдын январында бир жылдык келишим менен беларустук "Неман" клубунан өткөн. Кийин оюнчу менен команда 2023-жылга чейин кызматташуу тууралуу келишимге кол койгон. Ага чейин ал Бишкектин "Алга", Түркиянын "Анталиспор" клубдарында ойногон.
Футболдук карьерасын ал 2017-жылы Бишкектин "Дордой" клубунда баштап, эки жылдан кийин "Кыргызстандын мыкты футболчусу" наамына татыган.
Жарым коргоочу Алыкулов учурда Кыргызстанда эң кымбат футболчу. Экинчи сапта курама команданын капитаны, Россиянын "Енисей" клубунун коргоочусу Валерий Кичин турат. Анын наркы 800 миң еврого бааланууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0