Бишкекте алгачкы ирет жиу-житсу күрөшүнөн кадеттердин чемпионаты өтөт

© Фото / Pexels / cottonbroЖиу-житсу күрөшү боюнча кадеттер машыгуу учурунда
Жиу-житсу күрөшү боюнча кадеттер машыгуу учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.12.2021
Жазылуу
Мындай мелдеш Кыргызстанда биринчи жолу өткөрүлүүдө. Жаш балбандардын таймашы Бишкектеги Kyrgyzstan TOP TEAM бразилиялык жиу-житсу академиясында болот.
БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. 18-19-декабрда жиу-житсу күрөшү боюнча кадеттер (окуучулар) арасында Бишкек шаарынын ачык чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандагы Жиу-житсу федерациясынын башкы катчысы Айжан Кадырбекова Sputnik Кыргызстанга билдирди.
Анын айтымында, мындай мелдеш алгачкы ирет өткөрүлүп жатат.
"Турнирди биздин федерация уюштуруп өткөрөт. Ага кадеттер, мектеп окуучулары гана катышат. Аймактардан, Ысык-Көл, Жалал-Абад облустарынан жаш балбандардын келери күтүлүүдө. Азырынча канча спортчу катышары белгисиз. Бирок мелдеш республика боюнча күчүн сынагысы келген бардык жаш спортчуларга эшигин ачат", — деген Кадырбекова.
Жаш балбандардын таймашы Бишкектеги Kyrgyzstan TOP TEAM бразилиялык жиу-житсу академиясында өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0