Кыргызстанда 2022-жылы бильярд боюнча дүйнө биринчилиги өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБильярд оюну. Архив
Бильярд оюну. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.11.2021
Жазылуу
Турнир келерки жылдын 25-мартынан 2-апрелине чейин деп белгиленүүдө. Анда өспүрүмдөр, жаштар жана чоңдор арасында да мелдеш өтөт.
БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 2022-жылы бильярд боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул туурасында өлкөнүн бильярд федерациясынын президенти Каныбек Сагынбаев Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.
Анын айтымында, мелдеш келерки жылдын 25-мартынан 2-апрелине чейин деп белгиленүүдө.
"Бул боюнча Эл аралык бильярд конфедерациясы менен макулдашылды. Адегенде өспүрүмдөр жана жаштар арасында "эркин пирамида" түрү боюнча мелдеш өтөт. Ал бүткөн соң эркектер жана кыз-келиндер (чоңдор) арасында "динамикалык пирамида" боюнча мелдеш болот", — деген Сагынбаев.
Дүйнө биринчилиги Бишкек шаарындагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда болот.
Эске салсак, муну менен аталган спорт боюнча дүйнө чемпионаты Кыргызстанда бешинчи ирет өтөт. Буга чейин 2012-жылы (Бишкек шаары), 2014-жылы (Ысык-Көл, Рух-Ордо), 2016-жылы (Бишкек, Газпром) жана 2019-жылы (Ысык-Көл, Газпром) дүйнө биринчиликтери уюштурулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0