Кыргызстан 2022-жылы хоккей боюнча дүйнө чемпионатын өткөрөт

© Sputnik / Табылды КадырбековХоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы. Архив
Хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2021
Жазылуу
Чемпионат учурунда Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин үчүнчү отуруму да Кыргызстанда өтө тургандыгы айтылды.
БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда 2022-жылы хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтөт. Бул туурасында Эл аралык хоккей федерациясынын вице-президенти Айваз Оморканов маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Азамат Жаманкулов менен болгон жолугушууда айтканын министрликтин маалымат кызматы билдирди.
Айваз Оморканов 2022-жылы март айында Кыргызстандын тарыхында алгачкы жолу хоккей боюнча дүйнө чемпионаты өтө тургандыгын маалымдады. Ал, мындан сырткары, чемпионат учурунда Эл аралык хоккей федерациясынын кеңешинин үчүнчү отуруму Кыргызстанда өтө тургандыгын билдирди. Ага белгилүү француз хоккейчиси Люк Тардиф сындуу хоккей оюнчулары келерин белгиледи.
КФС президенти Медербек Сыдыков АФК президенти шейх Салман бин Ибрагим аль-Халифа менен жолукту, Манама шаары (Бахрейн) - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
АФК президенти менен кыргыз футболун өнүктүрүү талкууланды
Өз кезегинде министр Кыргызстанда өтө турган чемпионаттын масштабдуулугун жана өлкөнүн мүмкүнчүлүгүн эске алуу менен аны жогорку деңгээлде уюштуруу боюнча иштерди колго ала тургандыгын белгиледи.
Мындан сырткары, Кыргызстанда хоккейди өнүктүрүү боюнча Эл аралык хоккей федерациясы менен иш алып барууга кызыкдар экендигин маалымдап, спорт коомчулугунун долбоорлорун ар тараптан колдой тургандыгын белгиледи.
Эске салсак, буга чейин Кыргызстандын Хоккей федерациясынын президенти Анвар Оморканов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып 2022-жылдын март айында Бишкекте хоккей боюнча IV дивизиондогу дүйнө чемпионаты өтөрүн айткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0