13:21 02 Бештин айы 2021
Түз эфир
  • USD84.7969
  • EUR95.9477
  • RUB1.1463
Спорт
Кыскача шилтеме алуу
857 0 0

Устат футболчуга арнаган постуна Гүлжигит экөөнүн голду майрамдап турган эмоциялуу сүрөтүн койгон. Бул өзүнчө урмат-сый катары бааланууда.

БИШКЕК, 25-ноя. — Sputnik. "Кайрат" футбол клубунун мурдагы машыктыруучусу Алексей Шпилевский кыргызстандык футболчу Гүлжигит Алыкуловду туулган күнү менен куттуктап, "менин сүйкүмдүү кыргыз балам" деп атады. Казакстандык команданын экс-насаатчысы куттуктоо сөзүн өзүнүн Instagram баракчасынын stories бөлүмүнө жазды. 

Устат постуна Гүлжигит экөөнүн голду майрамдап турган эмоциялуу сүрөтүн койгон.

"Сүйкүмдүү кыргыз балакайым. Мен сени туулган күнүң менен чын дилимден куттуктайм! Сага бекем ден соолук. Сүйүктүү оюнуңда чыдамкайлык жана кумарлануу. Кыса кучактайм. Сенин А.Н.Шпилевскийиң", — деген ал.

Бул устаттын шакиртине көрсөткөн өзүнчө урмат-сыйы катары бааланууда.

Шпилевский менен Алыкулов 2000-жылы "Кайрат" клубун 16 жылдык ийгиликсиз оюндардан соң өлкөнүн чемпиондук тагына чыгарган.

Эскерте кетсек, бүгүн, 25-ноябрда, Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын жарым коргоочусу Гүлжигит Алкыкулов туулган күнүн белгилеп жатат.

Оюнчуну туулган күнү менен Кыргызстандын Футболдук союзу да куттуктап, чың ден соолук жана ийгилик каалаган.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

Футболчу 2000-жылдын 25-октябрында Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда туулган.

Гүлжигит Алыкулов 2019-жылдан бери Казакстандын "Кайрат" клубунда ойноп келет. Буга чейин ал Беларустун "Неман" командасынын намысын коргогон. 2019-жылы "Кыргызстандын мыкты футболчусу" наамына татыган.

Тема боюнча

АФК президенти менен кыргыз футболун өнүктүрүү талкууланды
Темир айым! Олимпиада чемпиону Роман Власов Айсулуу Тыныбековага суктанды
Белгилер:
Гүлжигит Алыкулов, футболчу, туулган күн, куттуктоо, Алексей Шпилевский

ЭҢ МААНИЛҮҮ