Кыргызстандын футбол командасы Бахрейнге жеңилип калды

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаКыргызстандын футбол боюнча курама командасы
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.11.2021
Жазылуу
Кыргызстан алгач алдыда болчу, бирок Бахрейн биринчи таймдын аягында жана экинчи таймдын башталышында топ киргизе алды.
БИШКЕК, 17-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча курама командасы жолдоштук беттеште Бахрейнге 4:2 упай эсеби менен утулду.
Мелдеш Бахрейндин борбору Манамада өттү. Эсепти кыргызстандыктар ачып, 16-мүнөттө капитан Валерий Кичин пенальтиден тепкен.
Аз убакыттан кийин каршылаш тарап эсепти теңеди, бирок көп өтпөй кыргызстандык Одилжон Абдурахманов гол киргизген.
Анткен менен Бахрейндин командасы биринчи таймдын аягында жана экинчи таймдын башталышында "Ак шумкарлардын" дарбазасына топ киргизе алды.
Бул жолдоштук беттеш 2023-жылы боло турчу Азия кубогу мелдешинин тандоо туруна даярдыктын алкагында өткөрүлдү. Кыргызстан буга чейин Сингапурдун командасын уткан.
Жаңылыктар түрмөгү
0