Бүгүн Кыргызстан Оман менен ойнойт. Командага Алимардон Шукуров кошулду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Алимардон Шукуров. Архив
Кыргызстандын футбол боюнча курама командасынын оюнчусу Алимардон Шукуров. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.10.2021
Жазылуу
Олимпиадалык команда толукталып, кечээ Хаур-Факкан шаарында алдыдагы оюнга даярдык көрүшкөн. Машыгууга Шукуровдун да катышканы айтылды.
БИШКЕК, 27-окт. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстандын олимпиадалык курама командасынын (U-23) сабына беларустун "Неман" клубунда ойногон Алимардон Шукуров келип кошулду. Бул тууралуу өлкөнүн Футболдук союзу Instagram баракчасына жазды.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от The Kyrgyz Football Union (@kfu_kg)

Курама команда бүгүн Азия кубогу-2022 турнирине тандоонун алкагында Оман менен беттешет.
Олимпиадалык команда толукталып, кечээ Хаур-Факкан шаарында алдыдагы оюнга даярдык көрүп, Шукуров машыгууга катышкан.
Кыргызстандык калыстар Тажикстандын футзал чемпионатынын финалында - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Тажикстандын футзал чемпионатынын финалын кыргызстандык калыстар тейледи. Сүрөт
Кыргызстан — Оман командаларынын беттеши Бишкек убактысы боюнча 18:50дө башталат.
Эскерте кетсек, Кыргызстан тандоо этабында Е тайпасына Бириккен Араб Эмирлиги (БАЭ), Оман жана Индия командалары менен таймашат.
24-октябрда ата мекендик команда оюндар өтүп жаткан талаа ээси БАЭ командасын 2:1 эсебинде утуп алган.
Жаштар континенталдык биринчилигинин финалдык бөлүгүнө 11 команда — өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү жана экинчи орунду ээлеген мыкты көрсөткүчү бар төрт команда чыгат.
Азия кубогу Өзбекстанда өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0