Бразилиялык 180 килограммдык мушкер жаакка жеп нокаутка түштү. Видео

© Фото / YouTube / PunchDownБразилиялык мушкер Вагнер Мартинс спортчу Кароль Филасиньски менен жаакка чабышуу турниринде
Бразилиялык мушкер Вагнер Мартинс спортчу Кароль Филасиньски менен жаакка чабышуу турниринде - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.10.2021
Жазылуу
Зулузинью оор салмактагылар арасында ММА беттештерине чыгып таанылган. Ал 2005-жылы россиялык белгилүү спортчу Федор Емельяненко менен кармашкан.
БИШКЕК, 26-окт. — Sputnik. ММА дүйнөсүндө Зулузинью каймана аты менен таанымал бразилиялык мушкер Вагнер да Консейсан Мартинс алакан менен жаакка чабышуу турниринде атаандашына нокаут менен утулду. Бул тууралуу Р-Спорт жазды.
Punchdown аталышындагы турнир Польшада өткөн. Бразилиялык мушкер жергиликтүү спортчу Кароль Филасиньски менен кармашкан.
​Видеодон Зулузиньюну каршылашы сол колу менен чапканда теңселе түшкөнүн, артындагылар кармайын деп, бирок алы жетпей, мушкер жерге кулап түшкөнүн көрүүгө болот.
Зулузинью оор салмактагылар арасында ММА беттештерине чыгып таанылган. Анын салмагы 180 килограмм болсо, бою эки метр. Аралаш мушташ боюнча 23 беттеш өткөрүп, анын 14үн уткан. 2005-жылы россиялык белгилүү спортчу Федор Емельяненко менен кармашып, 26 секундда эле жеңилип калган.
Жаңылыктар түрмөгү
0