Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Англиянын чемпиону болду. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековБалбандар күрөш учурунда. Архив
Балбандар күрөш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.10.2021
Жазылуу
Мелдеш 23-октябрда Улуу Британиянын Манчестер шаарында өткөн. Кыргыз балбаны 86 килограмм салмакта ат салышкан.
БИШКЕК, 25-окт. — Sputnik. Англияда жашаган кыргызстандык балбан Мирлан Кенжебаев эркин күрөш боюнча Англиянын ички биринчилигинде таймашып, чемпион болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирип, спортчунун беттештеринин видеосун чыгарды. 
Мелдеш 23-октябрда Улуу Британиянын Манчестер шаарында өткөн. Кыргыз балбаны 86 килограмм салмакта ат салышкан. Спортчу дээрлик бардык атаандаштарын таза артыкчылык менен уткан.
Мирлан Кенжебаев Ысык-Көл облусунун тургуну, Республикалык олимпиадалык резервдер окуу жайын бүтүргөн.
Жаңылыктар түрмөгү
0