Бали! КР футболчулары БАЭ командасын утуп алды. Голдордун видеосу

© Фото / пресс-служба Кыргызского футбольного союзаКыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы
Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2021
Жазылуу
Жеңиш алып келген голду Арлен Шаршенбеков камсыз кылды. Ал согончогу менен тээп, атаандаштын дарбазасына топ киргизди.
БИШКЕК, 24-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол боюнча олимпиадалык курама командасы (U-23) Азия  кубогу-2022 турнирине тандоонун алкагында Бириккен Араб Эмирлигинин командасын утуп алды.
Континенталдык биринчиликке жол аччу мелдеште улуттук командага алгач Е тайпасынын оюну өтүп жаткан талаа ээси — БАЭ командасы туш болгон. Матч Фуджайра стадионунда өттү.
Биринчи тайм 1:0 эсеби менен атаандаштардын пайдасына аяктады. Бирок экинчи бөлүктүн 73-мүнөтүндө Амир Жапаров айып талаадан гол тээп киргизген. Андан кийин Арлен Шаршенбековдун согончогу менен тээп киргизген тобу командага жеңиш алып келди.
Футбол. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.10.2021
Бишкектин "Дордой" футбол клубу Кыргызстандын чемпиону болду
Эскерте кетсек, Кыргызстан чүчү кулактын натыйжасында Е тайпасына түшкөн, эми КР футболчулары Индия жана Оман командалары менен кез келет.
Жаштар континенталдык биринчилигинин финалдык бөлүгүнө 11 команда — өз тайпаларынын жеңүүчүлөрү жана экинчи орун алган мыкты төрт команда чыгат.
Азия кубогу Өзбекстанда өтөт.
Жаңылыктар түрмөгү
0