Футзал боюнча Кыргызстандын чемпионатынын "Суперлига" мелдеши башталат

© Фото / пресс-служба ФФКРРазвитие футзала в Кыргызстане
Развитие футзала в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2021
Жазылуу
Бул чемпионаттын өзгөчөлүгү, бардык оюндар Бишкектин Арча-Бешик конушундагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде өткөрүлөт.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Футзал боюнча Кыргызстандын чемпионатынын "Суперлига" мелдешинин оюндары 24-октябрда башталат. Бул тууралуу өлкөнүн Футзал ассоциациясы билдирди.
2021-2022-жылдагы өлкө биринчилиги үчүн жети команда ат салышат.
Чемпионатта Бишкек шаарынан беш команда катышат. Алар BMG int, Steelex, "Дордой", "Топ-Тоголок", "Фарватер" командалары. Ал эми Чүй облусунан Zarya Novopavlovka жана "Биримдик-Сокулук" клубдары.
"Биринчилик эки этапта, баштапкы жана финалдык (плей-офф) баскычта өтөт. Баштапкы этапта төрт айлампада бардык командалар бири-бири менен "өз талаасында" жана "конокто" экиден беттеш өткөрүшөт. Мунун жыйынтыгы менен мыкты көрсөткүчтү камсыздаган алты команда плей-офф баскычына өтөт", — деп айтылат маалыматта.
Бул чемпионаттын өзгөчөлүгү, бардык оюндар Бишкектеги Арча-Бешик конушундагы "Газпром" ден соолукту чыңдоо комплексинде өткөрүлөт. Мындай чечим бардык клубдардын өкүлдөрүнүн макулдугу менен кабыл алынган.
 
Жаңылыктар түрмөгү
0