Роман Сарыбаев ардагерлердин дүйнө чемпионатынан күмүш медаль алды

© Sputnik / Абзал КалиевКүрөш. Архив
Күрөш. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.10.2021
Жазылуу
Бул Кыргызстандын капчыгына түшкөн төртүнчү медаль. Буга чейин ата мекендик спортчулар эки алтын, бир коло байге алган.
БИШКЕК, 22-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Роман Сарыбаев эркин күрөш боюнча ардагерлердин дүйнө чемпионатында күмүш медалга ээ болду. Бул тууралуу өлкөнүн Күрөш федерациясынын маалымат кызматы билдирди.
88 килограмм салмакта ат салышкан Сарыбаев финалда россиялык Булат Дашинимаевге 10:0 эсебинде жеңишти алдырып жиберди.
Кыргызстандын ардагер балбаны баштапкы этапта өзбекстандык Усманжон Юсуповду, чейрек финалда казакстандык Абай Смагуловду, ал эми жарым финалда америкалык спортчу Жеймс Медейрону уткан.
Бул Кыргызстандын капчыгына түшкөн төртүнчү медаль. Буга чейин ата мекендик спортчулар Талант Бегалиев (70 килограмм) 56-60 жаштагылар арасында, Чынарбек Изабеков (100 килограмм) 56-60 жаштагылар арасында чемпион болуп, алтын байге тагынышты. Ал эми 130 килограмм салмакта ат салышкан дагы бир балбан Сааданбек Ниязов коло медаль утту.
Эркин жана грек-рим күрөшү боюнча ардагерлер арасындагы дүйнө чемпионаты 19-октябрда Грециянын Лутраки шаарында башталды. Ал 24-октябрга чейин созулат.
Жаңылыктар түрмөгү
0