Хабиб же Майкл Жордандай эле. Лорен Мерфи мушкер Валентина Шевченкого баа берди

© AP Photo / John LocherUFC 266 в Лас-Вегасе. Валентина Шевченко — Лорен Мерфи
UFC 266 в Лас-Вегасе. Валентина Шевченко — Лорен Мерфи - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.10.2021
Жазылуу
Мушкер кыздардын беттеши UFC 266 мелдешинде болгон. Америкалык спортчу төртүнчү раундда нокаут менен жеңилген.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. ММА мушкери Лорен Мерфи кыргызстандык Валентина Шевченкого жеңилгени боюнча комментарий берди. UFC 266 мелдешиндеги беттеш тууралуу пикири BJ Penn басылмасына чыккан.
Таймаш 25-сентябрда Лас-Вегаста өткөн. Ал мелдештеги башкы беттештердин бири болгон. Шевченко төртүнчү раундда атаандашын нокаутка кетирип уткан.
"Валентина укмуштуудай мушташты. Деңгээли шумдук. Чынын айтсам, төртүнчү раунд таптакыр эсимде жок", — деген Мерфи.
Анын айтымында, калыс беттешти токтотуп туура чечим кабыл алган. Анткени ал Шевченкого эч кандай каршылык көрсөтө албай калган болчу. Эске салсак, төртүнчү бөлүктө кыргызстандык атлет сокку жаадырган, мындан улам рефери беттешти токтотуп, жеңишти Шевченкого ыйгарган.
Претендентка на титул UFC в наилегчайшем весе Валентина Шевченко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.10.2021
Валентина Шевченко Холли Берринин тасмасында кимдин ролун ойногон. Сүрөт
"Жеңилүү эч кимге жакпайт. Негизи мен биринчи ирет нокаут менен утулдум. Жыйынтык башкача болот деп күткөм, бирок мыкты тажрыйба болду. Менимче, бул Майкл Жордан менен баскетбол ойногонго барабар. Же Хабиб Нурмагомедов менен мушташкан атлеттер ушундай сезимде калса керек. Шевченконун чынында эле деңгээли жогору", — деген ал.
Мерфини жеңип, кыргызстандык спортчу кыз UFC уюмунун жеңил салмактагы чемпиондук наамын алтынчы ирет удаасы менен коргоп калды.
Жаңылыктар түрмөгү
0