Мээрим алдыга чыкты. Кыргыз балбандары UWW уюмунун рейтингинде секирик жасашты

© AFP / JAVAD PARSAКыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова. Архив
Кыргызстандык балбан кыз Мээрим Жуманазарова. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Жаңы рейтинг Норвегиянын Осло шаарында өткөн спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталгандан кийин жарыяланды.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбандар дүйнө чемпионатындагы ийгиликтеринен кийин дүйнөлүк рейтингде алдыңкы орундарга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтингди Бириккен күрөш дүйнөсү (UWW) уюму өзүнүн расмий сайтына чыгарды.
Жаңы тизме Норвегиянын Осло шаарында өткөн спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты жыйынтыкталгандан кийин жарыяланды. Анда кыргызстандык спортчулардын айрымдары алдыңкы сапка көтөрүлсө, кээ бири болуп көрбөгөндөй секирик жасаган.
Кыз-келиндер күрөшүнөн эки жолку дүйнө чемпиону болгон Айсулуу Тыныбекова 62 килограмм салмакта өз ордун сактап калган (биринчи орунда — ред.). Дагы бир дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) үчүнчү орундан экинчи сапка көтөрүлгөн. Ал эми дүйнө биринчилигинен коло байге уткан Айпери Медет кызы (76 килограмм) бешинчиден төртүнчүгө чыкты.
Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова (солон экинчи) Осло шаарындагы күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи учурунда - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Кыргызстан дөө-шаалардын катарында. Дүйнө чемпионатынын акыркы рейтинги
Ослодогу дүйнө чемпионатынан өлкө капчыгына тарыхтагы алгачкы күмүш медалды алып келген эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев 70 килограмм салмактагы балбандардын рейтингинде үчүнчүгө жайгашты. Буга чейин ал 65 килограмм салмакта ат салышып келген.
Ал эми Осло чемпионатынын коло байгесин тагынган эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов (65 килограмм) 34-орундан тогузунчу сапка секирик жасады.
Ослодо 60 килограмм категориясында экинчи орунду ээлеп күмүш байге уткан грек-рим күрөшүнүн балбаны Жоламан Шаршенбеков 13-саптан алдыңкы орундарга секирик жасады. Дүйнө биринчилигинин күмүш медалын экинчи жолу уткан балбан рейтингде дүйнө чемпиону молдовалык Виктор Чобану жана Токио Олимпиадасынын жеңүүчүсү кубалык Луис Альберто Орта Санчестен кийин үчүнчү сапка жайгашты.
Бул мелдеште 55 килограммда ат салышып, чейрек финалга чейин барган Сардарбек Конушбаев 27-катардан 11-сапка жылды.
Жаңылыктар түрмөгү
0