UWW калысы Мейрамбек Ахметов карьерасын жыйынтыктады. Зал туруп узаткан видео

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын Олимпиадалык категориядагы калысы Мейрамбек Ахметов. Архив
Кыргызстандын Олимпиадалык категориядагы калысы Мейрамбек Ахметов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 11.10.2021
Жазылуу
Ахметов олимпиадалык категориядагы калыс, ошол эле учурда Олимпиаданын күмүш медалын уткан Канатбек Бегалиев менен Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу болуп саналат.
БИШКЕК, 11-окт. — Sputnik. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling ) уюмунун кыргызстандык экстра-класстагы калысы Мейрамбек Ахметов эл аралык карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу ал Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынан кийин расмий билдиргенин Кыргызстандын Күрөш федерациясы Instagram баракчасына чыгарды. 
Видеодо залдагы күйөрмандар Мейрамбек Ахметовдун мыкты иши үчүн туруп кол чаап узатышканын көрүүгө болот.
Кыргызстандын Күрөш федерациясы айтылган куттуктоолорго кошулуп, Мейрамбек Ахметовго бекем ден соолук, узак өмүр каалаган.
"Бүтүндөй Кыргызстан сиз менен сыймыктанат! Биз, спорттук арена, сиздей мыктыларга муктажбыз. Сиздин бай тажрыйбаңыз, билимиңиз жана чеберчилигиңиз калыстарга, спортчуларга жана машыктыруучуларга алга умтулууга, медаль утууга жана Кыргызстандын даңкын чыгарууга жардам берет, Сизге терең таазим!" — деп айтылат федерациянын билдирүүсүндө.
Ахметов олимпиадалык категориядагы калыс, ошол эле учурда Олимпиаданын күмүш медалын уткан Канатбек Бегалиев менен Акжол Махмудовдун жеке машыктыруучусу болуп саналат. Мындан сырткары, ал дүйнө, Азия чемпионаттарынан байгелерди уткан бир катар балбандарды тарбиялаган.
Жаңылыктар түрмөгү
0