Алтынга тете жеңиш болду! Президент Жоламан Шаршенбековду куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековНорвегиянын Осло шаарында чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив
Норвегиянын Осло шаарында чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган балбан Жоламан Шаршенбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.10.2021
Жазылуу
Жапаров спортчулар багындырчу ийгиликтер алдыда экенин айтып, өз кезегинде мамлекет ата мекендик спортко ар тараптуу колдоо көрсөтүүсүн улантарын белгилеген.
БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Норвегиянын Осло шаарында чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында күмүш медаль алган балбан Жоламан Шаршенбековду жеңиши менен куттуктады. Өлкө башчы постун Instagram баракчасына жайгаштырды.
"Жоламан баатыр! Дүйнө чемпионатындагы күмүш байге алышың менен куттуктайм! Билгенге алтынга тете жеңиш болду. Балбаныбыз Жоломан Шаршенбеков финалда татыктуу, бүйүр кызыткан кармаш көрсөттү", — деген президент.
Жапаров чемпионатка катышып байгелүү орундарды ээлеген бардык спортчуларды, аларды килемге даярдап алып чыккан машыктыруучуларды дагы бир жолу куттуктап өттү.
Кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова, Мээрим Жуманазарова, Айпери Медет кызы жана машыктыруучусу Нурбек Изабеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.10.2021
Медаль, курдун баарын устатына тагып. Алкыш айткан чемпион кыздардын сүрөтү
"Спортчуларыбыз багындырчу ийгиликтер алдыда! Өз кезегинде мамлекет ата мекендик спортко ар тараптуу колдоо көрсөтүүсүн уланта бермекчи", — деп жазган Жапаров.
Шаршенбеков грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын финалында молдовалык Виктор Чобану менен күрөшүп, 9:3 упай эсебинде утулуп калган.
Мындан сырткары, күрөш боюнча дүйнө чемпионатынан кыргызстандык балбандар Айсулуу Тыныбекова менен Мээрим Жуманазарова алтын, Айпери Медет кызы коло уткан. Ал эми эркин күрөштөн Эрназар Акматалиев күмүш, Алибек Осмонов коло байге алды.
Жаңылыктар түрмөгү
0